Перейти на новый сайт
MegaCom маалымдайт

MegaCom маалымдайт

«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) абоненттерге төмөнкүлөрдү маалымдайт:

  • 27.09.2021-ж. баштап, кезектеги абоненттик төлөмдү алуу үчүн жана тарифтин алкагындагы негизги топтомду (топтомдуу тарифтер үчүн) жаңылоо үчүн баланста акча каражаты жетишсиз болгон шартта, чыккан байланыш жана интернет кызматтарын чектөөдө керексиз тарифтөөнү болтурбоо үчүн «Антианыктагыч+», «Өзү үчүн MegaMusic» жана «Шайыр чалуу» кошумча кызматтарын көрсөтүү убактылуу токтотулат жана бул кызматтар үчүн абоненттик төлөм тариф боюнча абоненттик төлөм төлөнгөнгө чейин алынбайт;
  • 27.10.2021-ж. баштап, «Элдик Интернет 90», «Элдик Интернет 130», «Элдик Интернет 170» архивдик топтомдору жоюлат.

Көрсөтүлгөн топтомдордун автоматтык түрдө узартылуусу 19.10.2021-ж., саат 01:00дө токтотулат. Муну менен катар, топтом үчүн мурда каражат төлөгөн болсоңуз, ал соңуна чыкканга чейин байланыш кызматы толугу менен жеткиликтүү болмокчу.

Киргизилген өзгөртүүлөр боюнча толугураак маалымат көрсөтүлгөн архивдик топтомдорду колдонгон абоненттерге SMS кат аркылуу жиберилет.

Кошуп алууга жеткиликтүү тарифтик пландар, актуалдуу кызматтар жөнүндө маалыматтарды *500 номери аркылуу байланыш борборуна чалып же MegaCom'дун Кыргызстандагы бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунан, ошондой эле компаниянын расмий сайтынан ала аласыздар.

Сунушталган кызматтар

  • «4 тил»

    кызматы

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • Планер

    кызматы