Перейти на новый сайт
MegaCom маалымдайт

MegaCom маалымдайт

«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) абоненттерине төмөнкү өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдайт:

  • 2021-жылдын 14-сентябрынан баштап «IP Чалуу» кызматын көрсөтүү шарттарынын алкагында Россияга чалуунун баасы мүнөтүнө 5,95 сомду түзөт (кошумча салыктарды эсепке алганда, сатуудан түшкөн салыксыз);
  • 2021-жылдын 13-октябрынан тартып Элдик 80», «Элдик 120», «Элдик 160» жана «Элдик 210» архивдик тарифтик топтомдор жоюлат.

Жогоруда айтылган топтомдордун мөөнөтүн автоматтык түрдө узартуу 2021-жылдын 5-октябрынан баштап токтотулат. Ошол эле учурда 5-октябрга чейин (5-октябрды кошкондо) төлөнгөн топтомдорго алардын аракет мөөнөтү аяктаганга чейин толук көлөмдө кызмат көрсөтүлөт.

Өзгөрүүлөр боюнча толук маалыматтар жогоруда айтылган архивдик топтопдорду колдонгон абоненттерге SMS-билдирүү аркылуу жөнөтүлөт.

Кошулууга жеткиликтүү болгон жана актуалдуу кызматтар жөнүндө маалыматтарды *500 номери аркылуу Байланыш-борборго чалып алсаңыздар болот. Мындан тышкары MegaCom’дун Кыргызстандагы бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунан, компаниянын райсмий сайтынан тааныша аласыз.

Сунушталган кызматтар

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы