Перейти на новый сайт

MegaCom Баткен облусунун жашоочуларына акчалай жардам топтолуп жатканын жана ага карата 1227 тынымсыз байланыш линиясы ишке киргизилгендигин маалымдайт

MegaCom Баткен облусунун жашоочуларына акчалай жардам топтолуп жатканын жана ага карата 1227 тынымсыз байланыш линиясы ишке киргизилгендигин маалымдайт

MegaCom компаниясы жана Кызыл Жарым ай уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышуудан жабыркагандарга жана Баткен облусунун эвакуацияланган тургундарына шашылыш түрдө акчалай жардам топтоо башталганын жарыялайт. Уюлдук оператор кыргызстандыктарды мындай учурда мекендештерге тилектештик көрсөтүп, MegaPay тиркемеси аркылуу ыктыярдуу түрдө колунан келген сумманы которууга чакырат.

Каражатты кантип которуу керек?

Ал үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:

  • MegaPay тиркемесин жүктөө же жаңылоо (Google Play жана App Store’дон жүктөп алса болот);
  • сервистин башкы бетиндеги «Баткеним менин» кызматын тандоо;
  • акчалай жардам которула турган байланыш номерди жана каражаттын суммасына жазуу;
  • төлөмдү тастыктоо.

«Альфа Телеком» ЖАКсы Баткендеги чек ара аймактарына жакын жашаган жарандарга жардам көрсөтүү маселелери боюнча 1227 тынымсыз байланыш номери ишке киргизилгендигин билдирет.

МААНИЛҮҮ: тынымсыз байланыш номерине чалуу акысыз, Кыргызстандын бардык уюлдук операторлорунун номерлеринен чалууга болот.

MegaCom компаниясы бардык кыргызстандыктарга бейпилдик каалайт жана коомчулукту Баткен облусундагы чек ара аймактарында жашаган элди колдоого чакырат.

Сунушталган кызматтар

  • Астрология

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы