Перейти на новый сайт
MegaCom корпоративдик байланышы: баарлашуунун жана маалымат алмашуунун жаңы технологиясы

MegaCom корпоративдик байланышы: баарлашуунун жана маалымат алмашуунун жаңы технологиясы

MegaCom мобилдик оператору бизнесин кардарларына жасаган кынтыксыз мамилесинин негизинде куруп келе жатат. Бүгүнкү күндө “Альфа Телеком” мобилдик оператордун кызматтарын эл аралык уюмдар, мамлекеттик мекемелер, дипмиссиялар жана  өлкөдөгү алдыңкы 3500 компания тандады.

MegaCom’дун корпоративдик жана  VIP-кардарлар менен иштөө бөлүмү аларды квалификациялык, сапаттуу тейлөө менен камсыздап, пайда болгон бардык маселелерди тез убакыт ичинде чечип берет. MegaCom’ду өнөктөш катары тандоо менен корпоративдик абоненттер баарлашуунун жана маалымат алмашуунун жаңы технологиясынын жадамы менен бизнести ыкчам жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Биз кардарларга эмнелерге кепилдик беребиз?

  • Кыргызстандын бардык аймактарында сапаттуу байланыш;
  • Өлкө ичинде жана чет өлкөгө чалуу боюнча пайдалуу, ачык тарификация;
  • жогорку класстагы сервис, ар бир кардарга жекече мамиле жана пайда болгон бардык маселени оперативдүү чечүү;
  • эсептердин ыңгайлуу формасы;
  • чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берген кошумча кызматтар жана тарифтик опциялар;
  • дүйнөнүн 177 өлкөсүндө эл аралык байланыш жана роуминг;
  • сабаттуу жана профессионалдуу менеджмент.

MegaCom корпоративдик жана VIP-кардарларга бизнести өнүктүрүүгө, убакытты үнөмдөөгө, Кыргызстандын бардык аймактарында кеңсе жумуштарын оптимизциялоого мүмкүнчүлүк берген актуалдуу кызматты сунуштайт.

«SIP аркылуу телефонияны уюштуруу» кызматын пайдалануу менен корпоративдик кардарлар толук кандуу, жеке, көп каналдык колл-борборун уюштура алат. Бул борбор бардык багыттар боюнча чалууларды кабыл алып, жыйынтыктап, маалыматтарды жөнөтүп, мультимедиялык контенттер менен алмашууга шарт түзөт.

«Мобилдик кеңсе» кызматы өнөктөштөргө маалыматты топтом менен жөнөтүү технологиясын пайдалануу менен MegaCom'дун тармагы аркылуу компаниянын маалыматтык ресурстарына жетки ала алат. Аталган кызматтын жардамында корпоративдик кардарлар төмөнкүлөрдү аткара алышат:

  • корголгон өткөрмөсүз кошулууну уюштуруп жана кардар менен компаниянын маалымат алмашуусу үчүн  аралыктагы соода жайларын, транспортту, компаниянын жабдыктарын (банкомат, төлөм терминалдары, датчиктер, GPS-трекерлер, коопсуздук системалары, эсептегичтер, соода жана оюн автоматтары жана башка көптөгөн телеметрикалык жабдыктар), жумушту көзөмөлдөйт.
  • кеңседен сырткары иштеген кызматкерлерге коопсуз, толугу менен көзөмөлдөнгөн корпоративдик маалыматтык ресурстарга (интернет-сайттарга, маалымат базаларына, файлдык кампаларга, корпоративдик почта, тиркемелерге) жетки жана Интернет тармагына жетки берилет.
  • компания кызматкерлеринин ар түрдүү ресурстарга жеткисин көзөмөлдөө.

«Бөлүнгөн канал боюнча Интернет» кызматы бөлүнгөн каналдарын байланыштын була-оптикалык байланыш линиясы (БОБЛ) жана жогорку класстагы радиорелейлик жабдыктардын жардамында уюштуруусун карай алат. Ошол эле учурда MegaCom компаниясы маалыматтарды дүйнө боюнча жана KG-зонада кепилденген ыкчам алмашууну сунуштайт.

«Бирдиктүү корпоративдик тармак» кызматы кардардын кеңсеге орнотулган стационардык жабдыктарын жана мобилдик телефондорун бирдиктүү бир тармакка бириктирүүгө шарт түзөт.

Корпоративдик байланышка кошулуу шарттары, тарификация жана башка кошумча кызматтар тууралуу маалыматтарды MegaCom'дун расмий сайтынан окуңуз.

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы