Перейти на новый сайт
MegaCom кубаттуулугун жана 4G тармагын кеңейтет

MegaCom кубаттуулугун жана 4G тармагын кеңейтет

MegaCom компаниясы Кыргызстан боюнча тармагын кеңейтүүнү активдүү улантууда. 2021-жылдын январь айында жасалган техникалык жумуштардын натыйжасында байланыштын сапаты жакшырып, 2G/3G/4G тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү алты облуста жана өлкөнүн борборунда өстү.

Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Кант, Кара-Балта, Кара-Суу, Ош, Токмок, Өзгөн шаарларында, шаар тибине кирген Кемин жана Миң-Кушта базалык станциялардын модернизацияланышы 4G өткөрмө жөндөмдүүлүгүн олуттуу жакшыртты.

Төмөндөгү айылдарда дагы байланыштын жана төртүнчү муундагы мобилдик интернеттин сапаты көтөрүлдү:

  • Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука;
  • Нарын облусундагы Ак-Булуң, Кайыңды;
  • Ош облусундагы Алим-Төбө, Андижан-Махалла, Андижан, Араван, Аччи, Барак, ВЛКСМ, Жаңы-Абад, Жоош, Жылкелди, Кашгар-Кыштак, Кенжекул, Коммунизм, Кош-Коргон, Кызыл-Мээнет, Кыргыз-Чек, Монок, Нариман, Нурдар, Октябрь, Социализм, Тажик-Махалла, Таштак, Төбө-Коргон, Фуркат, Чагыр, Жаңы-Жол;
  • Талас облусундагы Жоон-Төбө, Кара-Сай, Суулу-Маймак;
  • Чүй облусундагы Акматбек, Алга, Алексеевка, Арал, Арашан, Арчалы, Байгелди, Байтик, Баш-Кара-Суу, Бөксө-Жол, Бир-Булак, Большевик, Бурана, Верхневосточное, Жогорку Орок, Гидростроитель, Дачное, Дөң-Арык, Жаңы-Жол, Жээк, Дружба, Заречное, Заря, Гагарин атындагы, Ленин атындагы, Чокморов атындагы, Кайырма, Калыгул, Кара-Ой, Кашка-Баш, Кегети, Кең-Булуң, Кош-Дөбө, Кызыл-Туу, Лебединовка, Лубяное, Молдовановка, Моңолдор, Мыкан, Мээнеткеч, Нижневосточное, Новопавловка, Новопокровка, Нурманбет, Первомайское, Садовое, Сарбан, Советское, Сосновка, Сретенка, Степное, Талды-Булак, Талтак, Татыр, Таш-Дөбө, Телек, Чолпон, Чүй.

Базалык станцияларды мыктылоо боюнча жүргөн иштердин натыйжасында Бишкек, Жалал-Абад, Кара-Суу, Ош шаарларында жана айылдарда 3G-сигналы жакшыртылды.

  • Баткен облусундагы Жаштилек, Өрүкзар;
  • Нарын облусу Телек айылы;
  • Ош облусундагы Айбек, Алим-Төбө, Андижан, Араван, Асанчек, Аччи, Аюу, Берю, ВЛКСМ, Жаңы-Айыл, Жар-Кыштак, Жоош, Кайрат, Кашгар-Кыштак, Кочубаев, Кукалапаш, Кызыл-Мээнет, Кыргыз-Чек, Мады, Нурдар, Октябрь, Сасык-Үңкүр, Социализм, Тажик-Махалла, Төбө-Коргон, Чагыр, Жаңы-Жол;
  • Чүй облусундагы Жогорку Орок, Беловодское, Бир-Булак, Заречное, Чокморов атындагы, Садовое, Таш-Дөбө.

Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Беловодск айылында 2G тармагынын базалык станциялары модернизацияланды.

Кошумча жабдыкты эксплуатацияга киргизүү менен MegaCom’дун Талас облусундагы Ак-Дөбө, Бакыян, Жон-Коргон, Кызыл-Сай айылындагы, Чүйдүн Кызыл-Аскер айылындагы абоненттери 4G байланышына жетки алышты.

3G стандартындагы жаңы базалык станциялар Баткен облусунун Баткен, Кадамжай, Ош облусунун Араван, Ноокат, Өзгөн райондорунда орнотулду.

Интернет жана байланыш тармагы жайылтылган аймактар тууралуу маалыматтарды Тармакты жайылтуунун интерактивдүү картасынын жардамында онлайн-режимде билсе болот. Ал аркылуу жакынкы базалык станциянын сигналынын деңгээлин байкоого, 2G, 3G жана ыкчам иштеген 4G тармактары тууралуу дароо маалымат алууга мүмкүнчүлүк бар.

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon