Перейти на новый сайт
Ар бириңиздерге кам көрүү менен! MegaCom компаниясы миңдеген кыргызстандыктарга колдоо көрсөттү

Ар бириңиздерге кам көрүү менен! MegaCom компаниясы миңдеген кыргызстандыктарга колдоо көрсөттү

Оор эпидемиологиялык кырдаалды башына өткөрүп жаткан мекендештерине колдоо көрсөтүү максатында MegaCom компаниясы коронавирус илдети эң көп табылып, өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын жашоочулары үчүн гуманитардык жардам уюштурду. Жардамга муктаждарга азык-түлүк кутучасынан тышкары, Интернетти жана байланыш кызматтарын акысыз колдонуу үчүн атайын топтомдорго кошулган SIM-карталар да берилди.

Жогоруда аталган аймактарда азык-түлүк (макарон азыктары, кант, чай, суу май, таттуулар ж.б.) таратуу, 25-апрелден 27- апрелге чейин, MegaCom компаниясынын кызматкерлери, жергиликтүү өкмөттөрдүн өкүлдөрү жана ыктыярчылар тарабынан ишке ашырылды. Megacom адистери компаниянын кызматтары тууралуу берилген суроолорго жооп берип, жана да чын дилинен чыккан жылуу сөздөрүн айтышты. Карантин шартына ылайык атайын коргонуучу каражаттар колдонулуп, жана да зарыл болгон аралык сакталып жатты.

«Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүү максатында MegaCom компаниясы COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны эң көп катталган Кыргызстандын төрт облусунун тургундарына даректүү гуманитардык жардам берди, – деп белгилей кетти «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Акылбек Жамангулов. – Жардам алуучуларга акысыз байланыш жана Интернет топтомдоруна кошулган SIM-карталар да тартууланды. Мамлекет тарабынан карантин эрежелери киргизилип, өзгөчө абал өкүм сүрүп турган бүгүнкү күндө жакындар менен байланышта болуп туруу абдан маанилүу экендигин түшүнөбүз».

Колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси шаардык, облустук администрациялар жана социалдык өнүгүү аймактык башкармалыктары тарабынан берилген.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргыз Республикасында өзгөчө абалдын киргизилгендигине байланыштуу, MegaCom компаниясы буга чейин Кыргызстандын медицина кызматкерлерин, мам. чек ара кызматынын мед. кызматкерлерин , ӨКМ кызматкерлерин жана Бишкек шаардык мэриясына караштуу Коронавирус менен күрөшүү боюнча штабынын өкүлдөрүн акысыз байланыш жана Интернет менен камсыз кылган эле.

КРде аралыктан билим берүүнү өнүктүрүү максатында MegaCom компаниясы өлкө боюнча миңдеген мугалимдерди «Мугалим 150» акциялык тарифи жана «Мугалим» топтому менен камсыздап, жан да «Окуучу» жана «MEGAСтудент» кошумча топтомдорун ишке киргизген эле.

«Альфа Телеком» ЖАК, өзүн обочолонтуу тартибин сактап жаткан абоненттерди шыктандыруу үчүн, «MegaCom менен үйдө бол» акциясын иштеп чыкты. Эми үйдөн чыкпаган ар бир күн үчүн бонустарга ээ болууга болот. Абоненттерге нөл жана нөлдөн төмөн баланс абалында  акысыз чалуу мүмкүнчүлүгү тартуулангандыгын да белгилей кетүүгө болот.

КРдин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги боюнча алсак, оор турмуштук жагдайга кабылган жарандарды азык-түлүк менен камсыздоо үчүн уюлдук оператор тарабынан 1 млн сом суммасындагы каражат которулду.

Сунушталган кызматтар

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • Киоск

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы