Перейти на новый сайт
MegaCom коронавирус боюнча медициналык кеп-кеңеш берүү кызматын ишке киргизди

MegaCom коронавирус боюнча медициналык кеп-кеңеш берүү кызматын ишке киргизди

Коронавирусту жугузуп алуу коркунучу өкүм сүрүп турган маалда үйдөн чыкпоо жана КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларына ылайык карантин эрежелерин туура сактоо − курч жагдайдан чыгуунун, коронавирусту жуктуруп албоонун жана жайылтпоонун бирден бир жолу. Бул маселе MegaCom үчүн абдан маанилүү. Медициналык мекемелерге баруу кыйынчылыкты жаратып турган учурда, уюлдук оператор баштапкы медициналык кеп-кеңеш алуу, анын ичинде коронавируска байланыштуу суроолор боюнча дарыгерге кайрылуу мүмкүнчүлүгүн шарттаган атайын кызматты ишке киргизди.

Күн сайын саат 08:00 дөн 23:00гө чейин *8008 номерине чалуу менен, абоненттер COVID-19, карантинде өзүн алып жүрүү, сактануу эрежелери жана башка оорулардын белгилери боюнча суроолорун берип, медициналык адистерден жооп алышат.

«Баштапкы медициналык кеп-кеңеш берүү кызматын ишке киргизүү – саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүүсүнө салым кошуу жана келечектеги алгылыктуу багыттардын бири болгон телемедицинанын пайдубалын түптөө. Бул боюнча компанияда алгачкы кадамдар жасалууда», - деп белгилешет MegaCom компаниясынын өкүлдөрү.

Медициналык кеп-кеңеш берүү кызматына чалуу акысыз. Адистер кыргыз жана орус тилдеринде жооп берүүгө даяр.

Карантин эрежелерин сактоону, эпидемиологдордун сунуштамаларын так аткарууну жана зарыл себепсиз үйдөн чыкпоону өз абоненттерибизден суранабыз.

Өзүңүздү сактаңыз жана ден соолукта болуңуз!

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы