Перейти на новый сайт

Сүйүү күнүнө белектерди MegaCom менен бирге тандаңыз

Сүйүү күнүнө белектерди MegaCom менен бирге тандаңыз

Сүйүктүүмө эмне белек берсем? 14-февралдагы арзышкан жаштардын бардыгы ушул суроого жооп издешет жана өзү жактырган адамын өзгөчө белек менен таң калтырууну каалашат.  

Анда эмесе, «Чынар» дүр-дүйнө дүкөнүндө же «Дордой» базарында жайгашкан MegaStore дүкөнчөлөрүнө келиңиз жана заманбап смартфон сатып алыңыз. Мындай жагымдуу белек ,албетте, сүйүктүүңүздүн көңүлүнө төп келет. Каалаган түзмөктү тандап алып, баштапкы төлөмсүз узартып төлөсөңүз да болот. Төлөөнүн мындай ыкмасын жол-жоболоштуруу үчүн, иштеген жериңизден акыркы 6 ай үчүн айлык акы тууралуу маалымкат же банктын көчүрмөсү ( КРдин каалаган банкынын айлык акы долбоору боюнча) жана паспорт гана талап кылынат.

Ыңгайлуу сунушту колдон чыгарбаңыз! 14 -февралда гана Huawei P9 Lite Mini телефону 6 990 сом турат, жана да «Хайп» же «Элдик» тарифин кошууда 14 % арзандатуу каралган, тактап айтканда, 978 сом телефондун балансына кайтарылат!  

Смартфон эле дейсизби, жагымдуу бонус катары кошумча кооз номур берилет. MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлорунун бардыгынан «Алтын» жана «Платина» категориясынын номурларын 90% арзандатуу менен сатып алууга мүмкүн. «Алтын» номурлардын наркы 3000 сомдон 300 сомго чейин, ал эми «платина» номурлардын наркы 7500 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөдү!

Сүйүктүүңүзгө белек камдаңыз! MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлорунун адистери Сизге жардамга келишет.

 

 

Сунушталган кызматтар

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы