Перейти на новый сайт
MegaCom «Чынар» дүр-дүйнө дүкөнүндө алгачкы MegaStore Сатуу жана тейлөө борборун ачты

MegaCom «Чынар» дүр-дүйнө дүкөнүндө алгачкы MegaStore Сатуу жана тейлөө борборун ачты

2018-жылдын 15-декабрында MegaCom компаниясы MegaStore жаңы форматындагы Сатуу жана тейлөө борборун ачты. «Чынар» дүр-дүйнө дүкөнүнүн аянтчасында чогулгандардын саны күндөгүдөн да арбын болуп, белгилүү алып баруучулар көңүлдүү  конкурстарды өткөрүп, жигердүү катышуучуларга MegaCom  тарабынан даярдалган белектерди тапшырып жатышты. Ачылыш салтанаты бүйүр кызыткан ыр - бий менен коштолуп, белгилүү ырчылар жана бий топтору өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Шаңдуу концерттик программадан соң бардык каалоочуларды «Чынар» соода борборунун 1-кабатында абдан ыңгайлуу жерде жайгашкан  жаңы  Мегасторго чакырышты. Бул жерде ар бир каалоочу өзүнө же жакындарына белекке берүү үчүн смартфондорду, гаджеттерди жана алардын аксессуарларын ыңгайлуу баада же баштапкы төгүмсүз насыяга алса болот. МегаСтор адистери мобилдик байланыштын бардык суроолору боюнча кеп-кеңеш берип, тандоого жардам беришет. MegaStore салонунун ачылышына карата көптөгөн акциялар, арзандатуулар жана бонустар каралган.

Нуржан Дусембиев: «Мен Казакстандан келдим. MegaStore тейлөө борборуна келип, өзүмө SIM-карта жана кулакчын сатып алдым. Мага бул жер абдан жакты. Бир эле жерден телефон, анын аксессуарларын сатып алууга болот. Иш билги адистер кесипкөй кеп-кеңештерин беришет. Абдан ыңгайлуу».

Айдар Таласбаев: «Мен эжеме  белекке берүү үчүн Xiaomi смартфонун сатып алдым жана кэшбэк акциясынын катышуучусу болуп калдым менин балансым 500 сомго толукталды. MegaStore борборунун адистеринин сунушу менен «ХАЙП» тарифин тандап алдым. Тариф өз ичине интернет-трафиктин чоң көлөмүн, акысыз чалууларды жана түйүн ичиндеги жана түйүндөн тышкары SMSтерди камтыйт. Мага абдан жагат».

15-декабрдан тарта 31-декабрга чейин атайын акция аракетте болот, тактап айтканда, IPhone XR, LG-M250 K10 2017, Xiaomi Redmi 6A 2GB+16GB жана  Xiaomi Mi A2 Lite түзмөктөрүн сатып алууда абоненттин балансына 3 000 сомго чейинки сумма кайтарылат. Өз кезегинде, MegaCom компаниясынын иш билги кызматкерлери аппаратты тандоодо кеп-кеңешин берип, мобилдик байланыш кызматтары боюнча толук маалымат беришет.

«Биз Кыргызстан боюнча эң төмөнкү бааларды сунуштоого аракет кылдык.     Жакын арада MegaCom компаниясы республикабыздын жалпы аймагында MegaStore кеңселер тармагын кеңейтүүнү мерчемдеп келет. Бул абоненттерибиз үчүн ыңгайлуу болмокчу, себеби заманбап смартфон үчүн атайын борборго келип убара тартышпайт», − деп белгилей кетти MegaCom команиясынын Тейлөө департаментинин жетекчиси Эльнар Субакожоев.   

MegaStore Сатуу жана тейлөө борборуна кош келиңиз. Бул жерден өзүңүзгө же жакындарыңызга ыңгайлуу баадагы заманбап смартфон сатып алсаңыз болот!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • Мегажөнөтмө

    кызматы

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы

  • eSIM

    кызматы