Перейти на новый сайт

Жаңы MegaStore дүкөнүндө смартфон сатып алууда 3000 сомго чейин кешбек ал

Жаңы MegaStore дүкөнүндө смартфон сатып алууда 3000 сомго чейин кешбек ал

MegaCom компаниясы жаңы салонунун майрамдык ачылышына чакырат. Мобилдик телефондор үчүн смартфондорду жана аксессуарларды сунуштаган  MegaStore дүкөнү 2018-жылдын 15-декабрында «Чынар» универсалдык дүкөнүнүн 1-кабатында ачылат. MegaStore – бул кызмат көрсөтүүнүн жаңы деңгээли, акциялар жана арзандатуулар!

MegaStore дүкөнүнүн ачылыш салтанатына келген меймандарды концерттик программа, көңүлдүү конкурстар, жагымдуу белектер жана таттуу даамдар күтөт. Жаңы дүкөндө смартфондордун, планшеттердин жана башка заманбап гаджеттердин кеңири түрү сатылат. Айрым моделдерге арзандатуулар каралган, ал гана эмес, өзүңүзгө жаккан түзмөктүн акысын бөлүп төлөсөңүз да болот.

Мындан тышкары, дүкөндүн салтанаттуу ачылышынын урматына, 2018-жылдын 15-декабрынан  31-декабрына чейин, атайын акция аракетте болот. Төмөндөгү смартфондорду сатып алууда балансыңызга 3000 сомго чейин кэшбэк кайтарылат:  

  • наркы 64 900 сом турган Phone XR түзмөгүн сатып алууда абоненттин балансы 3 000 сомго толукталат;

  • наркы 10 190 сом турган LG-M250 K10 2017 түзмөгүн сатып алууда абоненттин  балансы 1 200 сомго толукталат;

  • наркы 7 390 сом турган Xiaomi Redmi 6A 2GB+16GB түзмөгүн жана  наркы  11 590 сом турган  Xiaomi Mi A2 Lite телефонун сатып алууда абоненттин балансы 500 сомго толукталат.

Телефонду сатып алуудан мурда өзүңүзгө жаккан түзмөктүн мүнөздөмөлөрү менен таанышып чыксаңыз болот, ал эми MegaCom компаниясынын кесипкөй адистери Сизге жардамга келишет. Тарифтик планды кошуу жана  мобилдик байланыш кызматтарына тиешелүү башка суроолор боюнча да кеп-кеңешин беришет.

MegaStore салонунан ыңгайлуу баадагы заманбап смартфон сатып алыңыз, жакындарыңызга белекке берсеңиз да болот! 

 

Сунушталган кызматтар

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы