Перейти на новый сайт

MegaCom жана «КТ Мобайл» мамлекеттик компанияларынын кызматташтыгы – сапаттуу мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүүнүн өбөлгөсү

MegaCom жана «КТ Мобайл» мамлекеттик компанияларынын кызматташтыгы сапаттуу мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүүнүн өбөлгөсү  

MegaCom компаниясынан мыкты жаңылык! «КТ Мобайл» ЖЧК менен бирге ишмердүүлүк жүргүзүү жөнүндө келишим түзүү укугуна ээ болуу боюнча аукционунда жеңүүчү аныкталды. Аукциондун жеңүүчүсү – «Альфа Телеком» ЖАК «КТ Мобайл» ЖЧК үчүн көмөкчү оператор катары иш алып бармакчы.

 «КТ Мобайл» ЖЧК  «Кыргызтелеком» ААКтын туунду компаниясы болуп саналат жана уюлдук кызматтарын көрсөтүү лицензияларына ээ. Эки мамлекеттик компаниянын мындай алакасы мобилдик тармактын туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн мыкты өбөлгө. Жакын арада  MegaCom абоненттери үн байланышынын сапатынын жакшыргандыгын жана мобилдик  интернеттин ылдамдыгынын бир топ жогорулагандыгын  байкай алышат. Жыштыктарды бирге колдонуу өлкө аймагында, анын ичинде алыскы жана жетүүгө  кыйын болгон калктуу конуштарда MegaCom түйүнүнүн камтуу аймагын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул, албетте, абоненттер үчүн ыңгайлуу болмокчу. Мындай өнөктөштүк, өз кезегинде, ишенимдүү байланышты жана мурдагыдан да көп түзмөктөрдү кошуу мүмкүнчүлүгүн камсыздай алат.

Мындан тышкары, мамлекеттик байланыш оператору болуу менен, MegaCom өлкө бюджетин толуктоого бараандуу салым кошуп келет. Санарип аянтчаларында жыштыктарды бөлүштүрүү – бул дүйнөлүк алдыңкы тажрыйба жана мамлекеттик казынаны каражаттар менен толуктоону  ачык-айкын шарттарда жүргүзүүнүн ыңгайлуу жолу.

Аукцион 2018-жылдын 2-ноябрында  «Кыргызтелеком» ААКтын расмий сайтында жарыяланган. Кыргызстандын телекоммуникациялык тармагында ишмердүүлүк жүргүзгөн жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар үч байланыш операторуна «КТ Мобайл» ЖЧК тарабынан бирдей чакыруу  алышкан. Аукционго катышуу үчүн эки байланыш оператору билдирме беришкен. 2018-жылдын 5-декабрында,  жарыяланган лотто эң жогорку бааны сунуштоо менен, «Альфа Телеком» ЖАК жеңүүчү болуп табылган.  

 

Сунушталган кызматтар

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы