Перейти на новый сайт

КР МБА MegaCom компаниясынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди

КР МБА MegaCom компаниясынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги, 2018-жылдын 2-сентябрынан 8-сентябрына чейин көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде болуп өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кошкон салымы үчүн, MegaCom компаниясынын адистерине терең ыраазычылык билдирди.

Кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан маалда алдыңкы мобилдик оператордун адистери катышуучуларды да, меймандарды да үзгүлтүксүз жана сапаттуу байланыш камсыз кылышты.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин Ыраазычылык каттары MegaCom компаниясынын башкы директору Базаркулов Азат Темирканович тарабынан компаниянын Техникалык директору − Джумабеков Батырбек Төлөгөновичке жана Түйүндү өнүктүрүү жана оптимизациялоо департаментинин жетекчиси − Курманбаев Нурланга тапшырылды.

Белгилей кетсек, MegaCom III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө башкы демөөрчү катары колдоо көрсөткөн.

Кыргызстанда спортту өнүктүрүү − алдыңкы уюлдук оператордун көңүл борборунда. Коомчулукка маалым болгондой, компания тарабынан бул багытта алгылыктуу иштер аткарылууда.

Сунушталган кызматтар

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon