MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер!
«Альфа Телеком» (MegaCom соода белгиси) 23.10.2018 -ж. тарта «Элдик S/M/L» жана «Элдик S/M/L+TV» топтомдор түркүмдөрүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгын маалымдайт:
- S/M/L жана S/M/L+TV топтомдору үчүн түйүндөн тышкары мүнөттөрдүн санын кыскартуу: түйүндөн тышкары 5 мүнөт (S, S+TV топтомдору үчүн), түйүндөн тышкары 10 мүнөт (M, M+TV топтомдору үчүн), түйүндөн тышкары 15 мүнөт (L, L+TV топтомдору үчүн);
- S/M/L топтомдору үчүн мобилдик интернеттин топтомдорун берүү шарттарын өзгөртүү: күн сайын берилүүчү күндүзгү интернеттин көлөмдөрү 2G/3G/4G түйүндөрүндө S топтому үчүн 300 МБ, M топтому үчүн 600 МБ, L топтому үчүн 1 ГБ суммардык көлөмдө берилет;
- Чектөөсүз интернетти берүү жана S/M/L+TV топтомдору үчүн мобилдик интернеттин көлөмдөрүн көбөйтүү: 7 суткага берилүүчү интернет төмөндөгүдөй жалпы көлөм менен берилет: S топтому үчүн 2G/3G/4G түйүндөрүндө 14 ГБ, M топтому үчүн 2G/3G/4G түйүндөрүндө 20 ГБ, L топтому үчүн 2G/3G/4G түйүндөрүндө 24 ГБ, максималдуу ылдамдыктагы топтомдордун көлөмдөрү сарпталгандан кийин S+TV, M+TV, L+TV топтомдору үчүн FUP аракетте болот;
- L жана L+TV топтомдорунда абоненттик төлөмдү төлөөдө түйүн ичиндеги 2000 SMS топтому да берилет.
Калган бардык шарттар (анын ичинде абоненттик төлөмдүн номиналы) өзгөртүүсүз калат.