Перейти на новый сайт
MegaCom «Активдердин кирешелүүлүгү» республикалык рейтингинде I орунду ээледи

MegaCom «Активдердин кирешелүүлүгү» республикалык рейтингинде I орунду ээледи

MegaCom компаниясы «Активдердин кирешелүүлүгү» республикалык рейтингинин көч башында болуп, алдыңкы сапты ээледи.  Аталган рейтинг жыл сайын мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруу  көрсөткүч боюнча түзүлөт. Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземинде "Альфа Телеком" ЖАКтын башкы директору Азат Базаркуловго  КРдин  Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу  боюнча фондунун Коомдук кеңеши тарабынан  Ардак грамота тапшырылды.

Ата Мекендик уюлдук байланыш  оператору  2017-жылы мамлекеттин бюджетине салыктарды жана дивиденддерди которуу боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен. Бул үзүрлүү эмгеги татыктуу бааланды.

100 пайыз акциялары мамлекетке тиешелүү болгон MegaCom өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрүнүн да сап башында. Демек,  өз мобилдик оператору катары MegaCom компаниясын тандаган кыргызстандыктар заманбап жана сапаттуу байланыш кызматтарынан  колдонуп гана тим болбостон, өлкөбүздүн өнүгүшүнө да өз үлүшүн кошо алышат. Бүгүнкү күндө MegaCom ISO 9001:2015 версиясынын сапаттык менеджмент тутумунун тастыктамалоосунан өткөн Кыргыз Республикасындагы бирден-бир уюлдук оператор болуп саналат.

Сунушталган кызматтар

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы