Перейти на новый сайт
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары MegaCom компаниясынын колдоосу менен өтөт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары MegaCom компаниясынын колдоосу менен өтөт

Дүйнө эли сереп салып турган маданий-спорттук иш-чаранын ачылышына саналуу гана күндөр калды. Кыргызстанда өткөрүлө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы демөөрчүсү – MegaCom компаниясы.

Көчмөндөр оюндары 2018-жылдын 2-сентябрынан 8-сентябрына чейин кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде, көргөн адамдын көз жоосун алган табигат койнунда болуп өтмөкчү. Чолпон-Ата шаарынын ат майданында дүйнөнүн чар тарабынан келген меймандарды театралдаштырылган оюн-зоок программасы күтөт. Алыстан ат арытып келген ар бир мейманды көчмөндөр турмушу, тарыхы жана маданияты кайдыгер калтырбайт.   

Кырчын жайлоосунда миңдеген боз үйлөрдөн турган этномаданий шаарча жайгаштырылып, көчмөн элдердин салттуу спорттук оюндары боюнча мелдештер уюштурулат. Комузда кол ойнотуп, тоо жели менен жарыша ат жалында ойногон эр жигиттерибиз өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, таймаштар көрүүчүлөрдүн сүрөөндөрү  менен коштоло тургандыгы бышык.

«2014-жылы  болуп өткөн  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары этно-спорт боюнча эң ири эл аралык турнир катары дүйнө коомчулугунун эсине калды. Мындай бараандуу иш-чаранын мекенибизде, болгондо да Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде өткөндүгү биз үчүн чоң сыймык. Быйыл спортчулар спорттун 37 улуттук түрү боюнча ат салышып, оюндар алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн жүздөгөн массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылат жана  бир жарым миллиардга чамалуу көрүүчүлөр көрө алышат. Мамлекеттик ири уюлдук оператордун  MegaCom компаниясынын Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон иш - чараны көз жаздымда калтырбагандыгы, ага колдоо көрсөтүп жаткандыгы кубанычтуу», – деп белгилей кетти III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү секретариатынын жетекчиси Нурсултан Аденов.

MegaCom тарабынан атайын «Көчмөн» универсалдуу тарифи ишке киргизилип, иш-чаранын меймандары жана катышуучулары мобилдик байланыш кызматтарынан ыңгайлуу шарттарда колдоно болушат. Мындан тышкары, компаниянын техникалык адистери тарабынан түйүндүн сыйымдуулугун арттыруу боюнча бир катар жумуштар аткарылып, жаңы базалык станциялар орнотулду. Спорттук оюндар өтүп жаткан маалда ат майдандын аймагында Сатуу жана тейлөө борборлору, промоутерлердин мобилдик топтору иштейт.

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө колдоо көрсөтүү MegaCom компаниясы үчүн салтка айланып калгандай. Оюндар аркылуу дүйнө эли  көчмөндөр цивилизациясынын маданияты, тарыхы менен тааныша алышат. Мындай маанилүү иш-чарага демөөрчү болуу менен, дүйнө жүзүндөгү көчмөн элдердин тарыхый- маданий мурастарын көздүн карегиндей  сактоого, эң башкысы өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошуп келебиз», – деген ою менен бөлүшө кетти MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.  

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну алгачкы жолу 2014-жылы өткөрүлгөн. Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде болуп өткөн оюндарга 19 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Алар: Азербайжан, Австрия, Афганистан, Белорусия, Бразилия, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Литва, Монголия, Россия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Франция, Швеция, Түштүк Корея. 

2018-жылы өтө турган иш-чара ары масштабдуу да, ары кызыктуу да болушу күтүлүүдө.

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы