Перейти на новый сайт
Cмартфондорду сатып алыңыз да, жагымдуу бонустарга ээ болуңуз

Cмартфондорду сатып алыңыз да, жагымдуу бонустарга ээ болуңуз 

MegaCom алдыңкы мобилдик оператору өз абоненттерин жаңы сунуштары менен кубандырып келет. 2018-жылдын15-августунан 30-сентябрына чейин MegaCom  Сатуу жана тейлөө борборлорунда смартфондорду сатып алууда абоненттерге жагымдуу бонустар жеткиликтүү. Бонустардын өлчөмү телефондордун моделдерине жараша берилет:

  • Huawei P20 Lite – бул  HUAWEI FullView Display 2.0 жаңы муундагы экраны менен, жана да  5,84” диогналындагы ыкчам жана ажайып смартфон. Телефон жаңы фронталдык камера менен жабдылгандыктан, даана көрүнгөн жана түстүү сүрөттөрдү жаратууга болот. Түзмөккө HUAWEI P20 lite  негизги кош камерасы орнотулган. 16 МП объективи кооз жана көлөмдүү сүрөттөрдү камсыз кылса, ал эми объектини же фонду тартуу үчүн боке эффектиси жана 5P+3P линзалары менен 2 МП объективи болуп көрбөгөндөй ажайып сүрөттөрдү тартууга өбөлгө түзөт. HUAWEI P20 lite түзмөгүн бөгөттөн чыгаруу абдан оңой  – экранды карап коюу гана жетиштүү. Экранды карап жаткан адамдын жүзүн таануу үчүн болгону 800 миллисекунд гана талап кылынат, ал эми комлекстүү алгоритмдер түзмөктү коргоону жогорку деңгээлде камсыздайт. Атайын технология аркылуу түзмөктү  аз гана убакыттын ичинде ыкчам кубаттандырууга болот. Мындай смартфондун наркы MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлорунда («Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнүндөгү СТБдан тышкары)  22 990сомду түзөт + Cash Back акциясы боюнча  «Хайп S» тарифтик планын кошуу;

  • Fly FS455 –  4.5” өлчөмүндөгү чакан экраны менен, жана да  алаканга бата тургандай  жука жана тыкан корпустуу смартфонду бир кол менен эле башкара аласыз. 5 МП камерасы автофокус менен жабдылган, санариптик зум жана жаркырагы кандай шартта тартылган сүрөт болбосун даана жана ачык түстө чыгарат. 1700 мАч сыйымдуулуктагы батареясы жана эффективдүү операциялык системасы болгондуктан, телефонум качан өчүп калат ойлонуунун кажети жок. Түзмөк күтүү шарттамында 150 саатка чейин, тынымсыз сүйлөшүү шарттамында 6 саатка чейин жана  Wi-Fi түйүнүнө кошулган шартта 4 саатка чейин ишенимдүу иштейт. Телефондун наркы MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлорунда ( «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнүндөгү СТБдан тышкары) болгону  3 990 сомду түзөт + баланска 400 сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын кайрып берүү.

Акцияны өткөрүү мөөнөтү чектелүү экендигин белгилей кетели, ошондуктан заманбап смартфондорду алгачкылардан болуп ыңгайлуу шартта сатып алуу мүмкүнчүлүгүн колуңуздан чыгарбаңыз. 

MegaCom Тейлөө кеңселеринин иш убактысы тууралуу маалыматты компаниянын расмий сайтынан алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • MegaTV

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы