Перейти на новый сайт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышкыңыз келеби? 2 билет утуп алуу мүмкүнчүлүгү өз колуңузда.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышкыңыз келеби? 2 билет утуп алуу мүмкүнчүлүгү өз колуңузда. 

2-сентябрда Чолпон-Ата шаарынын ат майданында жылдын эң маанилүү маданий-спорттук иш-чарасынын III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болот. MegaCom компаниясы кезектеги жолу бул тарыхый иш-чараны өткөрүүгө башкы демөөрчү болду.

 Facebook жана  Instagram социалдык тармактарындагы расмий баракчаларында компаниянын атынан конкурс жарыяланган. Конкурстун шарттары жөнөкөй жана көптөн күткөн иш-чарага катышуу үчүн эки билет утуп алыңыз.

Эсиңиздерге сала кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алгачкы жолу 2014 -жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлүп, Азербайжан, Австрия, Афганистан, Белорусия, Бразилия, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Литва, Монголия, Россия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Франция, Швеция, Түштүк Корея өлкөлөрү катышкан.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун масштабы жылдан-жылга кеңейүүдө. Быйыл 70тен ашуун өлкөдөн келе турган катышуучулар көк бөрү, тогуз коргоол, кыргыз күрөш, алышуу, аркан тартуу, салбуруун, ат чабыш, жаа атуу жана башка оюндардын түрлөрү боюнча күч сынашат. Кыргызстандын намысын мыкты спортчуларыбыз коргошот. Спорттук таймаштардан тышкары, оюндардын программасында маданий жана илимий иш-чаралар да камтылган. “Кырчын” жайлоосунда ачыла турган этномаданий шаарчада эл аралык илимий конференция өткөрүлсө, ал эми «Номад» амфитеатрында бардык меймандарды «Көчмөндөр ааламы» эл аралык этнофестивалы күтөт.

Конкурстун шарттары менен Facebook жана Instagram социалдык тармактарындагы расмий баракчаларыбыз аркылуу таанышсаңыз болот.

Конкурстарга жигердүү катышыңыз, өз күчүңүздү сынап көрүңүз жана MegaCom менен бирге жеңишке жетишиңиз!

Сунушталган кызматтар

  • eSIM

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • Астрология

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы