Перейти на новый сайт

MegaCom: Ажылык сапар маалында роуминг кызматтарына болгон баа төмөндөтүлөт

MegaCom: Ажылык сапар маалында роуминг кызматтарына болгон баа төмөндөтүлөт

Алдыңкы мобилдик оператор Сауд Арабиясына жол тарткан зыяратчыларга колдоо көрсөтүп, ажылык сапар маалында Mobile Telecommunications Company Saudi Arabia (Zain) түйүнүндө кийин төлөнүүчү жана алдын ала төлөнүчү  роуминг кызматтарына болгон бааны төмөндөтөт. 

Араб жарым аралында жайгашкан ири мамлекеттин ыйык жайларына зыярат кылууга барган  MegaCom абоненттери өз  жакындары менен ыңгайлуу шарттарда  байланышта боло алышат, тактап айтканда, 2018-жылдын 1-августунан 30-сентябрына чейин байланыш кызматтары үчүн төмөндөтүлгөн нарк каралган. Кыргызстанга чыккан чалуунун наркы –10 сом/мүн., кирген чалуу – 5 сом/мүн., жергиликтүү түйүндөргө чалуу – 10 сом/мүн., чыккан SMS – 5 сом, Интернет трафиктин 1 МБ – 5 сом.

 «Меккеге зыярат кылууга камынган абоненттерине роумингдин пайдалуу жана үнөмдүу шарттарды сунуштоо MegaCom компаниясы үчүн салтка айланып калгандай. Быйыл ажылык сапарга аттанган кыргызстандык жарандардын саны 5 миңден ашат. Узак сапар маалында  жакындары менен байланышта болуу – алардын ар бири үчүн өзгөчө маанилүү, - деп белгилей кетти роуминг жана интерконнект бөлүмүнүн  улук адиси Улукбек Айтакунов.

Чет өлкөгө жөнөөрдүн  алдында Компаниянын Сатуу жана тейлөө борборлорунун  бирине кайрылып, зарыл болгон кызматтарды кошуп алыңыз. Компаниянын өз ишин билген адистери сизге жардамга келет.

Тарифтер тууралуу толук маалымат «Роуминг» компаниянын расмий сайтынан сайтындагы «Роуминг» бөлүмүндө.

MegaCom — чексиз баарлашуу!

Сунушталган кызматтар

  • MegaTV

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • «Экинчи дем»

    кызматы