Перейти на новый сайт
MegaCom: «СЕНИН ХАЙПың» конкурсу улантылууда

MegaCom: «СЕНИН ХАЙПың» конкурсу улантылууда

«СЕНИН ХАЙПың» узартылды! Конкурска катышууну каалагандар өз ролигин 2018-жылдын 31-августуна чейин жөнөтө алат. Жеңүүчү 2018-жылдын 5-сентябрынан 23-сентябрына чейин элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында жана экинчи турга өткөндөрдүн ичинен тандалат.

Өз чыгармачылык дараметиңди көрсөтүп, Cube Attention тоо велосипединин ээси бол! Бул үчүн MP4, AVI, MOV форматындагы «Хайп» сөзү чечмеленген видеону  hype@megacom.kg электрондук кутусуна жөнөтүү зарыл.

Креативдүүлүк, автордун ойду жеткиликтүү  бере алуусу жана «хайп» сөзүнүн маанисин таамай чечмелөө  сыяктуу негизги критерийлер боюнча 9 мыкты жумуш тандалып алынат. Алардын авторлорун чыныгы «хайп» белектер ‒ фирмалык азембелектер, «Алтын» категориясынын АКЫСЫЗ номурлары жана «ХАЙП» тарифинин «М» топтомуна жарым жылга жазылуу, б.а. абоненттик төлөмсүз 6 ай бою баарлашуу күтөт. 

Тандалган конкурстук жумуштар  www.megacom.kg. сайтына жайгаштырылат. Каалоочулардын бардыгы өзүнө жаккан видеосу үчүн Facebook, Instagram, OK, VK социалдык тармактарындагы аккаунттардын жардамы менен добуш бере алышат. Эң көп добушка ээ болгон катышуучу жеңүүчү болуп табылат.

Чыгармачыл дараметиңди ойгот, конкурска катыш  жана жеңишке умтул! Велосипеддин ээси сен болуп калышың толук мүмкүн. 

Катышуу эрежелери менен megacom.kg расмий сайтынан таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы