Перейти на новый сайт

Мобилдик шылуундардан кантип сактануу керек?

Мобилдик шылуундардан кантип сактануу керек?

Азыркы учурда телефондук шылуундук кеңири тамыр жайып, абоненттерибиз шылуундардын торуна түшүп калган  учурлар көп кездешүүдө. Мындай жагымсыз жагдайлардын алдын алуу максатында MegaCom компаниясы абоненттерин  этият болууга чакырат.

Шылуундар төмөндөгүдөй ыкмаларды көп колдонушат: өзүн MegaCom компаниясынын же башка ири компаниялардын кызматкери катары тааныштырышат. Техникалык текшерүү жүргүзүп жатабыз же чоң байге тапшырабыз деп кайрылышы ыктымал. Сиздин MegaPay электрондук капчыгыңыздын активдештирүү кодун сурашы мүмкүн. Алдамчылардын өтүнүчүн аткарбаңыз. SMS аркылуу номуруңузга келген активдештирүү кодун (же MegaCom компаниясынан келген башка маалыматты) эч кимге билдирбеңиз! Кодду жашырын сактоо – баланстагы каражаттарыңыздын коопсуздугунун кепилдиги. 

  • Сизди алдоо аракети болгондо эмне кылуу кылуу керек?

Сизге шектүү адам чалган учурда *500 же +996 999 500 000 номурлары аркылуу кайрылып, чалган абоненттин номурун бизге билдириңиз.

  • Сиз шылуундук аракетке кабылып, алдамчылыктын курмандыгы болуп калдыңыз дейли, мындай учурда эмне кылуу керек?

Сиз шылуундарга активдештирүү кодуңузду билдирип коюп, балансыңыздагы акча каражаттарыңыз эсептен чыгарылып кеткен болсо алдамчылык фактысы боюнча укук коргоо органдарына кайрылсаңыз болот.

MegaCom компаниясы, уюлдук оператор тарабынан берилген коддорду жашырын сактаган учурда гана, MegaPay электрондук капчыгыңыздын балансынын коопсуздугун кепилдейт.

Сак болуңуз жана алдамчылардын сиздин акча каражаттарыңызга ээ болуусуна жол бербеңиз!

Сунушталган кызматтар

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • NITRO

    кызматы