Перейти на новый сайт
MegaCom виртуалдык номурунун артыкчылыктарына баа бериңиз

MegaCom виртуалдык номурунун артыкчылыктарына баа бериңиз

MegaCom компаниясы Кыргызстандын мобилдик операторлорунун ичинен алгачкылардан болуп  MegaChat тиркемесин ишке киргизди. Заман талабына шайкеш келген бул кызмат MegaCom абоненттери үчүн буга чейин болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Бул ыңгайлуу мессенджер дүйнө жүзүнүн бардык жериндеги бир туугандары, жакындары, достору, өнөктөштөрү менен баарлашууда байланыш кызматтарына сарпталуучу чыгымдарын азайтууга мүмкүнчүлүк түзөт. Сиз кайсы гана жерде болбоңуз, жакындарыңыз сиздин виртуалдык номуруңузга (аларда MegaChat орнотула элек болсо дагы) “үйдөгүдөй” тарифтер менен чала алышат. MegaChat тиркемесинен колдонуу үчүн болгону интернетке кошулуу гана жетиштүү. MegaCom жаңы мессенджеринде чалууларды гана аткарбастан, чаттарда билдирүүлөр менен алмашып, сүрөт, видео жана башка файлдарды жөнөтүп, өз маанайыңды өзгөчө стикерлердин жардамы менен билдирүүгө болот.

Тиркеменин өзгөчөлүктөрү эмнеде? MegaChat сервисинин артыкчылыктары: жөнөкөйлүк, жеткиликтүүлүк жана байланыш сапаты. 

Тиркемеге каалоочулардын бардыгы каттала алышат. Же, тактап айтканда, сиз MegaCom абоненти боло элек болсоңуз да виртуалдык номурга ээ боло аласыз.

Баарлашуу үчүн ыңгайлуу болгон бул сервистен колдонуу үчүн, өз түзмөгүңүзгө MegaChat тиркемесин орнотуп алууңуз зарыл (Android үчүн Play Market  же iOS үчүн App Store).

MegaChat тууралуу толугураак билүүну кааласаңыз, *780 номуруна чалыңыз же компаниянын расмий сайты аркылуу онлайн-кеңеш берүүчү адистерге кайрылыңыз.

MegaCom: MegaChat тиркемеси – сенин виртуалдык номуруң!

Сунушталган кызматтар

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы