MegaCom: Кыргызстандын алыскы райондорунда 4G LTE ишке киргизилди
MegaCom 4G LTE түйүнүн республикабыздын жалпы аймагына жайылтууга өзгөчө басым жасап, натыйжада төртүнчү муун байланыш технологиялары менен алыскы райондор да камтылып келет. Сентярь айында Кыргызстандын дагы эки облусунун бир катар айылдарынын тургундары ылдам мобилдик интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту:
Жалал-Абад облусу: Массы а., Баястан а. (мурдагы Маданият), Достук а.
Чүй облусу: Верхневосточное а., Нижневосточное а., Талтак а.
Аракеттеги базалык станцияларды жаңылап туруу маселеси да ар дайым компаниянын көңүл борборунда. Бишкек, Токмок жана Кызыл-Кыя шаарларында сигналдын деңгээли бир кыйла жакшыртылды. 4G түйүнүндөгү ылдам мобилдик Интернет Ала-Бука айылынын абоненттерине жеткиликтүү болуп калды.
MegaCom 4G LTE түйүнүнө кошулууда мобилдик телефонуңуз жана SIM-картаңыз LTE форматын колдой тургандыгын текшерип алыңыз. *460 акысыз буйруусун териңиз. Система «SIM-картаны алмаштырыңыз» деп жооп берген учурда, компаниянын жакын жерде жайгашкан Сатуу жана тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылсаңыз, ал жерден SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.
MegaCom 4G LTE түйүнү менен чыныгы ылдамдыкты сез