MegaComдон «Элдик 120»- чалуулар, Интернет жана SMSтер бир топтомдо
Компаниянын он миңдеген абоненттери «Элдик» тарифин тандашты. Ар бир абонент максималдуу ылдамдыктагы 1 ден 7 гигабайтка чейин жумасына берилүүчү интернет-трафикти өз ичине камтыган ыңгайлуу топтомду тандай алат.
«Элдик 120» - топтому азыркы учурда абоненттердин көңүлүнө төп келген топтомдордун бири. Аталган топтом студенттер,үй кожойкелери, ийгиликтүү ишкерлер жана да калкыбыздын бардык катмары үчүн ыңгайлуу. «Элдик 120» - бул мобилдик интернеттин 3 500 МБ, түйүн ичиндеги 950 мүнөт жана 1 500 SMS жана түйүндөн тышкары 30 мүнөт. Мунун бардыгы жумасына болгону 120 сом үчүн.
Кошуу үчүн буйруу: *303*120*1#.
«Мен Медакадемиянын экинчи курсунда окуйм. Сабактарым оор: дайыма актуалдуу маалымат жана медициналык терминдердин түшүндүрмөлөрүн издөөгө туура келет. Баяндамаларды, рефераттарды, бетачарларды даярдайм,ошондуктан интернет мага суткасына 24 саат бою керек. Мен Бишкекте жатаканада жашайм, ата-энем болсо Таласта. Тез-тез сүйлөшүп, жаңылыктарыбыз менен бөлүшүп турабыз. «Элдик 120» мен үчүн ыңгайлуу чечим. Менде эми арбын көлөмдөгү жана жогорку ылдамдыктагы интернет, акысыз мүнөттөр жана SMSтер бар. Жакындарым менен ар дайым байланыштамын» - деп ой бөлүшө кетти, маектешибиз- Айгүл Сманова.
«Элдик 50», «Элдик 80», «Элдик 160», «Элдик 210» опцияларынын ичинен өзүңүзгө керектүүсүн тандап алыңыз. MegaComго кошул– өз «Элдигиңди» танда!