MegaCom жаңы кызматы! Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч
Өлкөбүздүн алдыңкы оператору «Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч» кызматын ишке киргизүүдө. Бул кызмат кайсы учурда болбосун балансында каражаты жетиштүү болуп туруусун каалаган абоненттер үчүн атайын иштелип чыккан.
«Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагычты» кошуу эң жөнөкөй.*510*1*#чалуу USSD-буйруусун терип, кызматты кошуп алган соң сизге эсебиңиздеги каражаттын 10 сомдон төмөн экендигин жана балансты толуктоо керектигин эскерткен SMS-маалымдоо келип турат. Демек, шашылыш учурда балансыңызда каражат жок болуп калат деп кам санабай эле койсоңуз болот. Кызмат MegaCom абоненттеринин бардыгына акысыз көрсөтүлөт.
MegaCom өз абоненттеринин мобилдик байланышка жана интернетке сарпталуучу чыгымдарын көзөмөлдөп туруусун шарттаган бир катар ыңгайлуу кызматтарды сунуштап келет. Толугураак маалыматты компаниянын сайты жана Facebook, Instagram, Twitter жана Одноклассники социалдык тармактарындагы расмий баракчалары аркылуу билүүгө болот.