Перейти на новый сайт

MegaCom 2012-жылдагы ишмердүүлүгүнүн алдын ала алынган аудит кылынбаган каржылык жыйынтыктарын чыгарды

MegaCom 2012-жылдагы ишмердүүлүгүнүн алдын ала алынган аудит кылынбаган каржылык жыйынтыктарын чыгарды

MegaCom компаниясы бизнести ачык жүргүзүү саясатына ылайык, каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын байма-бай коомчулук алдында ачыктап келүүдө. Мындан тышкары, “Альфа Телеком” ЖАКтын каржы-чарбалык ишмердүүлүгү жыл сайын эл аралык аудитордук компаниялар тарабынан текшерилип турат.

Улуттук уюлдук оператор Кыргызстанда ишмердүүлүгүн эл аралык ISO 9001:2008 сапаттык стандартартарга ылайык жүргүзүп, атайын тастыктоону алган бирден-бир компания болуп саналат. Мындай тастыктама ички аудит, ар кыл бизнес жараяндарын нугунда иштетип, мүмкүн болгон өксүктөрдү алдын-алуу өңдүү түшүнүктөрдү киргизүү аркылуу бизнести ийгиликтүү башкаруу системасын түзүүгө өбөлгө берет.

Алдын ала алынган эсептөөлөргө ылайык үстүбүздөгү жылдын январь айынан декабрь айына чейин уюлдук оператор тапкан пайдасынын аудит текшерүүсүнө чейинки маалыматын ачыктоодо. Быйыл компаниянын соодадан түшкөн кирешеси 7 млрд. 688 млн. сомду түзөт. Бул көрсөткүч, 2011-жылга салыштырмалуу 11 пайызга жана 2010-жылдын ушул мезгилине караганда 32 пайызга өскөн.

Айлык орточо көрсөткүч 2010-жыл үчүн 486 млн. сом, 2011-жыл үчүн 576 млн. сом жана 2012-жылдын 12 айы үчүн – 641 млн. сом түздү.

Уюлдук компаниянын кирешесинин өзгөрүү динамикасы графикте көрсөтүлгөн:

2012-жылы аудит текшерүүсүнө чейинки компаниянын таза кирешеси 2 млрд. 747 млн. сом түздү. 2011-жылга салыштырмалуу 24 пайызга жана 2010-жылга караганда 416 пайызга өскөн.

       

Ал эми 2012-жылы компаниянын мамлекет казынасына төлөгөн салык жана башка төлөмдөрүнүн алдын ала суммасы 1 млрд. 494 млн. сом тегерегинде болуп, өсүү 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 пайызды, ал эми 2010-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 96 пайызды түзөөрү күтүлүүдө.

Сунушталган кызматтар

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • Автомаалымдоо

    кызматы