MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 13-декабрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Ош облусунун Гүлчө айылынын Ленин көчөсү;
- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылы, Токтогул шаарчасы, Кара-Көл жана Кербен айылдары;
- Баткен облусунун Үчкөн жана Кара-Дөбө айылдары;
- Чүй облусунун Кең-Булуң айылы;
- Бишкек шаарындагы Манас көчөсү, Арча-Бешик жаңы конушунун Ойсул-Ата көчөсү жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы