Кароосуз калган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн муз үстүндө майрам өттү
Бүгүн 12-декабрда, “Шаардык муз тебүү” спорттук көңүл ачуу борборунда, аяз ата, аяз кыз, жез кемпир жана башка жомоктордогу каармандардын катышуусу менен балдарга муз үстүндө театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү.
Иш чарага “ИНСАН мууну” коомдук корунун карамагында тарбияланган жетим балдар, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын республикалык атайын билим берүү мектеп-интернатынын жана Бишкек шаарынын кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун өспүрүмдөрү чакырылган.
Майрамдык иш-чара өлкөбүздүн мыкты сыйгалакчыларынын бийлери менен коштолду. Оюн-зоок массалык муз тебүү жана муз үстүндөгү жомоктун демөөрчүсү, MegaCom компаниясынын жагымдуу белектерин таратуу менен аяктады.
Окуя болгон жерден сүрөт баян.