MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер! Байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды жакшыртуу жумуштарын жүргүзүүгө байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 28-сентябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарынын, Массы, Загородная, Мир, Ленин айылдарынын, Бүргөндү айылындагы № 19 орто мектебинин аймагы;
- Ош областынын Куршаб, Кара-Кулжа айылдарынын;
- Чүй областынын Сокулук айылынын Эркиндик жана Фрунзе көчөлөрүнүн аймактары камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы