MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер! Байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды жакшыртуу жумуштарын жүргүзүүгө байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 19-сентябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Жалал-Абад областынын Майлуу Суу шаарындагы Ленин көчөсүнүн, Массы, Калмак-Кырчын айылдарынын жана Кочкор-Ата айылынын Октябрь көчөсүнүн аймактары;
- Чүй областынын Кепүрө-Арык жана Маловодное айылдарынын аймагы камтылат
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы