Перейти на новый сайт

MegaCom эксперттери аркылуу көбүрөөк маалымат алыңыз.

MegaCom эксперттери аркылуу көбүрөөк маалымат алыңыз.

Өлкөнүн алдыңкы уюлдук оператору MegaCom, “Эксперт” тарифтик опциясы менен, *800 Expert акы төлөнүүчү маалымат берүү кызматына мурдагыдан да арзан баада чалууну сунуштайт. Тарифтик опция мүнөтүнө мурдагыдай 29 эмес, эми 19,5 сомдон чалуу мүмкүнчүлүгүн берет. Ал эми абоненттик төлөм күнүнө 0,5 сомду түзөт. “Эксперт” тарифтик опциясына кошулуу үчүн төлөм 15 сомду түзөт жана *800#1# же *800*1# комбинацияларын терүү аркылуу жүргүзүлөт.

EXPERT акы төлөнүүчү маалымат берүү кызматынын *800 кыска номерине чалып, MegaComдун абоненттери мекемелердин, ишканалардын даректери жана телефондору, бизнес, маданият, саякат, билим берүү чөйрөлөрү, аба ырайы, валюта курсу жөнүндө жана көңүл ачуу мүнөзүндөгү иш-чаралар боюнча жана көптөгөн башка маалыматтарды ала алышат.

          

Кошумча убакытты талап кылган эң татаал суроолорго биздин тажрыйбалуу адистерибиз ыкчам жана так жооп беришет. Маалымат берүү кызматынын артыкчылыгы шексиз. Чалып жаткан абонентке жоопту күтүп байланышта болуп туруунун зарылдыгы жок, анткени адистер керек болгон толук маалыматты топтоп туруп, абонентке акысыз чалууга даяр. Ал эми суроолордун саны боюнча эч кандай чектөө жок – бир чалуу менен баардык маалыматты тактоого мүмкүн.

Expert акы төлөнүүчү маалымат берүү кызматына чалуу бир гана MegaComдун абоненттерине жеткиликтүү эмес, “Кыргызтелеком” жана “Saima-Telecom” абоненттери үчүн да жеткиликтүү:
08222 – “Кыргызтелеком” компаниясынын жана *800 - "Saima-Telecom” компаниясынын абоненттери үчүн Expert акы төлөнүүчү маалымат берүү кызматына чалуунун мүнөтү 20 сом. Баалар салыктардын баардык түрлөрүн эсепке алуу менен көрсөтүлгөн. Тарифтөө мүнөтүнө жүргүзүлөт.

          

Иштөө убактысы: эртең мененки 8:00дөн түнкү 02:00гө чейин,дем алышсыз.
Маалымат Сизге ыңгайлуу болгон ( кыргыз жана орус) тилде жана Сизге ылайык болгон форматта (телефон, SMS, e-mail аркылуу) берилет.

Кызмат жөнүндө толугураак маалыматты Сиз www.megacom.kg расмий сайтынан ала аласыз.

Сунушталган кызматтар

  • «Спорт порталы»

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • «Сиздин төлөм»

    кызматы