Перейти на новый сайт
MegaComдон белектер ташкыны

MegaComдон белектер ташкыны

Ысык-Көл областын үчүнчү муун байланышы менен толук каптоо, MegaCom компаниясы тарабынан көгүлтүр көл жээгинде бир катар иш-чараларды өткөрүүгө түрткү берди. Компания 28-июлда башталып 11-августка чейин созула турган “Кумжээктеги эс алуу MegaCom менен” аттуу жайкы акциясынын башталышы жөнүндө маалымдайт.

Ар ишемби сайын, Сизди көл берметинин эң белгилүү эс алуу жайларынын кумжээктеринде жагымдуу эмоциялардын жана белектердин ташкыны күтөт. Баардык каалоочулар акцияга кошулуп, интерактивдүү конкурстарга катышып фирмалык азембелектерди, “Ыкчам интернет” тарифтик планын жана “300 МБ белекке” топтомун камтыган, SIM-картасы бар жана 3Gны колдогон USB-модемдерди утуп ала алышат. Ал эми компания тарабынан уюшулган флешмобдордо баш байге “Тунук” тарифтик планы жана белекке 1000 Мб менен Samsung GT-P6200 Galaxy Tab 7.0 Plus 8 заманбап планшети болот.

Акциянын бирден-бир шарты- белектер ташкыны каптаган маалда керектүү эс алуу жайында болуу.

28-июлда: 11:00-дө “Золотые пески” эс алуу жайы; 14:00-дө “Каприз” мейманканасы;

4-августта: 11:00-дө “Рохат НБУ” эс алуу жайы; 14:00-дө “Радуга” эс алуу борбору;

11-августта: 11:00-дө “Кыргызское Взморье” санаторийи; 14:00-дө “Асыл Таш” эс алуу жайы;

Мындан тышкары, “Опиум”, “Марина” түнкү клубдарында интерактивдүү жана утуш оюндары өткөрүлөт.
Акция боюнча толук маалымат компаниянын расмий сайтында жана социалдык тармактарында жарыяланат.

Белектердин агымына туш болуп жана позитив толкунуна бой таштаңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы