MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер! Байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды жакшыртуу жумуштарын жүргүзүүгө байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 30 -июлда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
Ош областынын Кышкар-Кышлок , Зарбдор, Кара-Кыштак айылдары; Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсү жана “Кыргызгаз” ААКтын аймагы; Ош шаарынын КУЭТ, ЖЭТИ, Илимдер Академиясынын, №22-автобазасынын аймагы, Низами, Карл Маркс, Этикчил, Целинная, Маматкаримов көчөлөрү, Масалиев проспектиси камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы