Перейти на новый сайт
MegaCom Ысык-Көлдөгү эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүүдө

MegaCom Ысык-Көлдөгү эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүүдө

Абоненттеринин ыңгайлуулугун алдыңкы орунга койгон MegaCom компаниясы көл жергесинде иштеп жаткан «Мобилдик топтор» тууралуу маалымдайт. Эми Ысык-Көл жээгине келген ар бир эс алуучу балансын оңой эле толуктап, жана эл аралык багыттагы чалуулардын наркынын ыңгайлуулугу менен өзгөчөлөнгөн “Баардыгы кошулган” тарифтик планы менен пайдалана алат.

     

Байланыш кызматтары үчүн комиссиясыз төлөм жүргүзүү жана SIM-карта сатып алуудан тышкары, эс алуучулар компания тарабынан сунушталуучу кызматтардын түрлөрү жана тарифтик опциялар тууралуу да адистерден керектүү маалымат ала алышат. Компаниянын промоутерлери 3,5G ыкчам интернетин кошуу жана анын жардамы менен мультимедиялык кызматтардын түрлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү менен дагы кеңири тааныштырышат.

     

Көгүлтүр көл жээгин бойлой жайгашкан эс алуу жайларындагы MegaComдун мобилдик түйүндөрүн табуу оңой. Алар уюлдук операторго мүнөздүү болгон түстөрдүн айкалышынан туруп, фирмалык логотип жана атайын түркүктөр менен жасалгаланган.

Балансты толтурууну, сим-карта сатып алууну каалагандар саат 09:00дөн 18:00гө чейин эс алуу жайларында жайгашкан тейлөө түйүндөрүнө кайрылышса болот. Эс алуу жайларынын тизмеси толукталып турат:
• "Асыл -Таш" эс алуу борбору
• "Кыргызское Взморье" эс алуу жайы
• "Тулпар" эс алуу жайы
• "Золотые пески" эс алуу жайы
• "Дельфин" эс алуу борбору
• "Ала-Тоо" эс алуу жайы
• "Рахат" эс алуу жайы
• "Аврора" эс алуу жайы
• "Голубой Иссык-Куль санаторийи"

MegaCom менен байланышта бол!

Сунушталган кызматтар

  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы