Перейти на новый сайт

Смартфондордун флагманы - Samsung - Galaxy S III MegaCom тейлөө борборлорунда

Смартфондордун флагманы - Samsung - Galaxy S III MegaCom тейлөө борборлорунда

Бүгүнкү күндөн тарта Samsung Galaxy S III жаңы смартфону MegaCom компаниясынын абоненттерди тейлөө жана сатуу борборлорунда сатыла баштады. Каалоочулар смартфонду «Айчүрөк» дүрдүйнө дүкөнүндөгү, Beta Stores – 2, Vefa Center соода борборлорундагы, "Манас" Эл аралык аэропортундагы, Чыгыш-5 кичи районундагы, «Дордой» базарындагы түйүндөрдөн сатып ала алышат. Кыргызстанда, алгачкы жолу, кеңири масштабдагы жарыя менен бирге эле, Кыргызстандын алдыңкы уюлдук оператору көптөн күткөн Samsung Galaxy S III смартфонун сунуштады. Бул түзмөк мындан бир аз мурда эле кол жеткистей сезилип, аны кээ бирлери чыдамсыздык менен күтсө, башкалар маалымат булактарындагы ал жөнүндөгү карама-каршылыктуу пикирлерден тажай башташкан эле. Жакын арада смартфондор дүйнөсүндөгү жаңылык болгон Samsung смартфону борбор калаада гана эмес, республика аймагындагы компаниянын башка өкүлчүлүктөрүндө да сатыла баштайт.

Samsung GALAXY S III смартфону Android 4.0 Ice Cream Sandwich операциялык тутумунун башкаруусу менен иштейт. Смартфондун тулкусу жыйнактуу формасы жана өзгөчө түзүлүшү менен көзгө урунат. Galaxy SIII телефонунун модели, өз телефонун чалуу үчүн гана эмес, Интернетке чыгуу үчүн пайдалангандар үчүн да ылайыктуу. Аппарат үчүнчү муун (3G) тармагын колдоо менен, мыкты сапаттагы видеочалууларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Негизги функцияларынан тышкары дагы смартфон Сизди жаңы «фишкалары» менен кубандыра алат, төмөндөгүлөр алардын бир чети гана:

  • Smart Stay функциясы – экрандын жарыктыгын Сиздин көз карашыңызды баамдап турган фронталдык камеранын жардамы менен автоматтык түрдө жөнгө салат. Мисалы, Эгерде Сиз экранды карап турган болсоңуз, китеп окуп жатканда смартфон дисплейди өчүрбөйт
  • Direct call функциясы – эгерде сиз СМС-билдирүүнү терип жатып, жөн гана телефон чалып коюну чечсеңиз, анда телефонду кулагыңызга такап коюу жетиштүү — смартфон автоматтык түрдө номерди тере баштайт.
  • S Beam функциясы — Wi-Fi –бириктирүүсүз же мобилдик тармактар боюнча маалыматтарды бербестен өз смартфонуңузду башка Samsung GALAXY S III смартфонуна тийгизүү менен түрдүү файлдарды өткөрө аласыз. 1Гб көлөмүндөгү фильм үч мүнөттүн ичинде, 10Мб көлөмүндөгү аудиофайл эки секунданын ичинде өткөрүлөт.
  • Buddy photo share функциясынын жардамы менен галереядагы сүрөттөрдөгү баардык досторуңузга сүрөттөр көз ирмем ичинде жөнөтүлөт.

« Samsung Galaxy S III смартфону башка девайстардан айырмалана турган бир катар артыкчылыктарга ээ. Samsung Galaxy S III — Android-түзмөктөрдүн жана заманбап коммуникаторлордун токтоосуз өнүгүүсүнүн жыйынтыгы. MegaCom компаниясы өз абоненттеринин муктаждыктарын эске алуу менен, замандын талаптарына шайкеш кызматтардын кеңири түрүн көрсөтүүгө умтулат», — деп белгилейт башкы директордун милдетин аткаруучу Азамат Урбаев.

Баасы 32 000 сом турган телефон аппаратын сатып алуу менен, Сиз акысыз интернет-трафиктин 3 Гb бонустук топтомун жана «Тунук» Тарифтик планы менен күмүш номерди белекке аласыз! MegaCom компаниясынын эксклюзивдик сунушун колдон чыгарбаңыздар! MegaCom сатуу жана тейлөө борборлорунан бир нече Samsung телефондорун сатып алуу менен, Сиз Samsung расмий сервистик-борборлорунан бир жылдык кепилдик тейлөөнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. MegaCom компаниясы тарабынан сатыкка коюлган телефондор Кыргыз республикасында пайдалануу үчүн расмий жана тастыкталган товарлар болуп эсептелет.

Ал эми 21- июнда болсо, Бишкек шаарынын тургундары жана меймандары, Samsung Galaxy S III смартфонунун, ”Айчүрөк” дүрдүйнө дүкөнүнүн башкы эшигинин жанында саат 17.00.дө өткөрүлө турган расмий бет ачаар аземине күбө болушат. Сиздер үчүн MegaCom компаниясы тарабынан баалуу белектер жана азембелектер ойнотулат!
 

Сунушталган кызматтар

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • «Экинчи дем»

    кызматы