Перейти на новый сайт
MegaCom абоненттерине «Mega БОНУС» тартуулайт.

MegaCom абоненттерине «Mega БОНУС» тартуулайт.

Бүгүн , 26-мартта, MegaCom уюлдук оператору жаңы «Mega БОНУС» программасын ишке киргизет, аны кошуу менен ар бир абонент ай сайын баарлашуу мүнөттөрүн, SMS же интернет-трафиктин мегабайттарын АКЫСЫЗ ала алышат. Бул үчүн программаны кошуу гана жетиштүү. Ал эми бул учурда телефон менен баарлашуу, үн чалууларын аткаруу, SMS жана MMS- билдирүүлөрдү жөнөтүү же жөн гана электрондук почтаны текшерүү сыяктуу иш-аракеттерди адаттагыдай жүргүзө берүүгө болот. Программа кошулгандан кийин бул иш-аракеттер үчүн автоматтык түрдө бонустук баллдар чегериле баштайт. Сарпталган ар бир 10 сом үчүн кезектеги балл кошулат. Топтолгон баллдарды абонент үчүн ыңгайлуу болгон кызматтарга алмаштырууга болот. Мисалы, топтолгон 50 баллды түйүн ичиндеги 20 акысыз мүнөткө, 30 SMSке же Интернеттин 20мегабайтына алмаштырууга болот. Бонустук кызматтардын иштөө мөөнөтү – активдештирген күндөн баштап 30 күн.

Саламдашуу катары берилген 50 балл программанын жагымдуу өзгөчөлүгү болуп саналат, Ал программаны кошуу учурунда чегерилет, Программага катышуу үчүн *5555#1# атайын (акысыз) буйругунун жардамы менен катталуу жетиштүү. Программаны башкаруу төмөнкү буйруктардын жардамы менен ишке ашырылат:
 

Кызмат боюнча маалымат *5555#
Бонустук программага катталуу *5555#1#
Баллдардын күнүңкү саны *5555#2#
Кызматтардын бонустук топтомунун калдыгын текшерүү *5555#3#
Баллдарды бонустарга алмаштыруу *5555#4#
Бонустук программадан чыгуу *5555#0#
Бонустук программанын статусун текшерүү *5555#8#

MegaComдун «Mega БОНУС» программасына катышыңыз жана акысыз кызматтардын топтомун алыңыз!

Баллдардын саны канчалык көп болсо – БОНУСтар да ошончо көп болот!

Сунушталган кызматтар

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы