Перейти на новый сайт
“Mega Билим” жигердүү уланып жатат

“Mega Билим” жигердүү уланып жатат

2011-жылдын күз айларында старт алган MegaCom компаниясынын жеке билим берүү долбоору ийгиликтүү уланууда.

Жаңы компьютердик класстар Нарын областынын А.Жутакеев атындагы орто мектебинде, Ысык-Көл областынын Ак-Чий айылынын Ракымов атындагы орто мектебинде, Чүй областынын Дон-Арык айылынын Калча атындагы орто мектебинде, Ново-Покровка айылынын  №1 мектебинде, Киров айылынын Ж. Болотбеков атындагы орто мектебинде, Восточное айылынын “Жаңы-Жер” мектебинде, Гроздь айылынын орто мектебинде ачылды. Жакынкы арада MegaCom компаниясынын жардамы менен компьютердик класстар төмөнкү мектептерде ачылат:

  • Нарын областы: “Кызыл-Дөбө” орто мектеби (Кызыл-Дөбө айылы); Карыбек Карпеков атындагы орто мектеби (Ат-Башы районунун Кара-Суу айылы), А. Сыдыков атындагы №9 орто мектеби (Нарын ш.);
  • Чүй областы: Кара-Балта шаарынын орто мектеп-гимназиясы;
  • Баткен областы: Кара-Бак айылынын Бото Нарматов атындагы орто мектеби, В.И. Ленин атындагы орто мектеп (Баткен ш.), «Кызыл-Жол» орто мектеби (Баткен ш.);
  • Ош областы: Нурдар айылынын Луначарский атындагы №15 орто мектеп, Гүлчө айылынын Тапык Отунчиев атындагы орто мектеби;
  • Талас областы: Көк-Ой айылынын З.Кушчубаева атындагы орто мектеби, Кең-Арал айылынын А. Арыстанов атындагы орто мектеби, Бал-Бал айылынын “Бал-Бал” орто мектеби;
  • Жалал-Абад областы: Ызар айылынын Д.Осмоналиев атындагы №13 орто мектеби, Базар-Коргон айылынын О. Атабекова атындагы орто мектеп-гимназиясы, А.С.Макаренко атындагы №2 мектеп-гимназиясы (Көк-Жаңгак), Ала-Бука районун Ала-Бука айылынын  А.Туррабаев атындагы №2 орто мектеби;
  • Ысык-Көл областы: Боконбаев айылынын Ж. Алтымышбаев атындагы орто мектеби, Барскоон айылынын Кендирбаев атындагы орто мектеби, Киров атындагы орто мектеби (Чолпон-Ата ш.), Жети-Өгүз районун Кичи-Жаргылчак айылынын Сейитбек Мендебаев атындагы орто мектеби, №6 орто мектеби (Каракол ш.)

Долбоордун алкагында өлкөнүн 143 мектебине көмөк көрсөтүү пландалууда. Компьтерлерге муктаж болгон мектептер атайын комиссия аркылуу тандалат. Аталган долбоорго катышуунун жол-жобосу «Кутбилим» гезити жана MegaCom компаниясынын www.megacom.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн. Долбоордун биринчи этабында программалык жабдуулары бар компьютердик класстарды орнотуу каралып, экинчи этапта «АлиппеTV» интерактивдүү билим долбооруна  туташуу пландалган. Мындан тышкары тандалган айыл мектептеринин информатика мугалимдеринин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу үчүн беш күндүк окутуу да өткөрүлмөкчү. Аталган долбоордун жардамы менен өлкөбүздүн миңден ашык окуучулары билим деңгээлин теория жактан гана эмес, жаңы техникалык жабдууларды колдонуп, практикалык жактан да толуктоо мүмкүнчүлүгүн алат.

Жаш жеткинчектердин билим алуусу MegaCom менен!

Сунушталган кызматтар

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы