MegaCom келечектеги чемпиондорду колдойт
MegaCom компаниясы Нарын областынын окуучусуна шахмат боюнча дүйнө чемпионатына катышуу үчүн демөөрчүлүк колдоо көргөздү.
Нарын шаарынын жаш спортчусу Момуналиева Шаадат шахмат боюнча Нью-Делиде (Индияда) 16-декабрдан 23-декабрга чейин өтүүчү VII Азия чемпионатына чакыруу алган. MegaCom уюлдук операторунун колдоосу менен Шаадаттын чемпиондук наам үчүн таймашууга мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Момуналиева Шаадат – өзүнүн ата-энесинин сыймыгы. Нарын шаарынын 15 жаштагы тургуну шахмат боюнча республикалык жана эл аралык мелдештеринин жеңүүчүсү. 3 жашынан баштап ал ушул логикалык оюнга кызыгып, биринчи баскычка ээ болгон.
MegaCom компаниясы - сергек жашоо, спорт, келечектеги жеңүүчүлөр үчүн!