Перейти на новый сайт
«БиМоКом Лтд.» ЖЧКсы уюлдук операторунун мүлкүн өткөрүп берүү жөнүндөгү соттун чечимине карата «Альфа Телеком» ЖАКынын коментарийи

«БиМоКом Лтд.» ЖЧКсы уюлдук операторунун мүлкүн өткөрүп берүү жөнүндөгү соттун чечимине карата «Альфа Телеком» ЖАКынын коментарийи

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кечээ, 2011-жылдын 21-июнунда акциясынын 49 пайызы мамлекетке таандык болгон «Альфа Телеком» ЖАКынын мүлкүнүн олуттуу бөлүгүн «БиМоКом Лтд.». ЖЧКсына өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган.

MegaCom компаниясынын активдеринин чыныгы ээлик кылуучуларын аныктоо боюнча соттук териштирүүлөр соңуна чыга элек. Бирок MegaCom уюлдук оператору, соттук териштирүүлөргө карабастан, абоненттерди үзгүлтүксүз байланыш менен камсыз кылуу менен кадимки ыргакта иш алып баруусун улантууда. Бүгүнкү күнгө карата «Альфа Телеком» ЖАКы өз абоненттерин сапаттуу тейлөөгө алууну улантуу жана Жогорку сот тарабынан «БиМоКом Лтд.» ЖЧКсына өткөрүп берген активдерсиз эле түйүндү андан ары өнүктүрүү үчүн бардык зарыл болгон ресурстарга жана жабдууларга ээ.

Соттук чечимдин натыйжасында Кыргыз Республикасы тарткан жоготуунун болжолдуу суммасы 220-230 млн. АКШ долларын түзөт, анткени алдынкы байланыш операторунун рыноктук наркы алдын ала маалымат боюнча 600 млн. АКШ долларынан ашык бааны түзөт.

«Альфа Телеком» ЖАКынын басма сөз кызматы

Сунушталган кызматтар

  • 4G LTE

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы