Перейти на новый сайт
MegaCom сөздөн ишке өттү

MegaCom сөздөн ишке өттү

Республиканын экинчи салык төлөөчүсү - MegaCom уюлдук компаниясы – кеңири жайылган банердик жарнактан баш тартып, андан үнөмдөлгөн каражаттарды кайрымдуулукка жумшамай болду.

«Биз ай сайын болжол менен 1 миллион сомдон ашуун каражат талап кылган билборддордон баш тартып, ал сумманы адамдардын жүрөгүндө орун ала турган буюмдарга жумшоо чечимин кабыл алдык. Мындай иш алып баруу көбүрөөк пайда алып келет деген ойдобуз», - деп билдирди MegaCom компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучусу Алмаз Абеков.

«Азыр биз билим берүүдөн баштайлы деп ойлоп жатабыз, билборддордон үнөмдөлүп жаткан каражатка ай сайын алыскы аймактардагы жети мектепке жетиден компьютер берип турмакчыбыз. Ошентип кадамыбызды кенен таштап компьютерлердин жетишсиздиги маселесин чечмекчибиз», - деди А. Абеков.

Ошентип, улуттук уюлдук оператор өзүнүн “компьютердик программасын” рейтингке кирбей калган, грант албай калган мектеп-интернаттардан жана алыскы аймактардын мектептеринен баштоону чечти. Балдар алыскы райондордо төрөлгөндүгү үчүн күнөөсүз. Компаниянын оюнда, бул жаңы билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү берип, мектепти бүтүү менен Кыргыз Республикасынын жашоочулары жумуш табуу учурунда соода жана башка айрым жумуштар менен чектелбей калат.

«Компьютерлештирүү натыйжасын дароо эле бере койбойт. Социалдык долбоор – бүгүн илип коюп – эртең жаңы тарифти саткан. Бул кыйла узакка созулган стратегия, бирок биздин оюбузча кыйла туура да болуш керек», - деп жыйынтыктады Абеков.

Сунушталган кызматтар

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы