Перейти на новый сайт

MegaCom алыскы аймактарды багынтууда

MegaCom алыскы аймактарды багынтууда

Ош облусунун Алай районуна караштуу Мурдаш айылынын тургундары уюлдук байланыш аркылуу дүйнө менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мурдаш айылынын тургундарынын көмөгү менен MegaCom компаниясы аталган аймакта базалык станция орнотту.

Табигый катаал шартта базалык станция орнотууда жергиликтүү тургундардын кошкон салымы чоң болду. Себеби алар, MegaCom адистерине тоо чокусуна тийиштүү жабдууларды жеткирүүдө аттарын тартуулап, өздөрү жардам беришти. Мурдаш айылынын башчысы Абдымиталип Салиевдин айтымында, аталган жерде телефон аркылуу байланыш мүмкүнчүлүгү совет доорунда да болгон эмес. “Болгону айыл өкмөттүн имаратында бир гана телефон болгон. Биздин айыл кыргыз-кытай чек ара тилкесине жакын жайгашкан. Ошондуктан уюлдук байланыштын пайда болушу – биз үчүн өтө маанилүү. MegaCom ишканасынын мындай белегине, жаштар да, карылар да абдан ыраазы”, - дейт А. Салиев.

Мурдаш айылында базалык станциянын орнотулушу менен уюлдук байланышка аталган айылдын тургундары гана эмес, жакынкы Ленин айылдык округунун жашоочулары да кошулду.

“Алысты жакын кылып, Кыргызстан жарандарынын алкышына ээ болуу мүдөөсү MegaCom уюлдук байланыш компаниясынын негизги күжүрмөн урааны. Бүгүнкү күндө базалык станциялардын саны боюнча биз алдынкы орунда турабыз. Мурдаш айылында жаңы орнотулган станцияны кошкондо базалык станцияларыбыздын саны 1087ге жетти. Жана биз түйүндүн ишин жакшыртууда талыкпай эмгектенип жатабыз”, – дейт MegaCom компаниясынын башкы директорунун орун басары Алмаз Абеков.

Сунушталган кызматтар

  • MegaTV

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы