Перейти на новый сайт
MEGA горизонтун кеңейтүүдө: жаңы технологиялар жана Кыргызстандын бардык аймактарын байланыш менен камтууга басым жасоо

Байланыш сапатын жогорулатуу стратегиясынын алкагында MEGA тармактын сыйымдуулугун жана камтуу аймагын  кеңейтүүгө басым жасоо менен, Кыргызстандын бүткүл аймагы боюнча  тармакты өнүктүрүүгө каражат жумшап келет.

MEGA компаниясынын техникалык адистери тарабынан  мекенибиздин жетүү кыйынчылыкты жараткан,  эң алыскы   аймактарында жаңы базалык станцияларды орнотуу жана иштеп жаткан жабдууларды жаңылоо жумуштарын байма-бай  жүргүзүүдө. Тармактын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана маалымат өткөрүү  ылдамдыгын жогорулатууга багытталган заманбап технологияларды жайылтуу өнүгүү планында каралган.

Мындай иш-аракеттер, өз кезегинде, маалыматтын жана инновациялардын коомчулукка жеткиликтүү  болушуна өбөлгө түзүп, ошондой эле MEGA абоненттеринин заманбап байланыш каражаттарын колдонуусунун  ыңгайлуу жана натыйжалуу ыкмасы боло  тургандыгы шексиз.

«Биз Кыргызстандын ар бир жашоочусун сапаттуу жана жеткиликтүү уюлдук байланыш менен  камсыздоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап келүүдөбүз. Тармакты өнүктүрүү санариптик ажырымды азайтууга жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга жардам берет», − деп белгилей кетүүгө болот.

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору колдонуучуларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жакшыртылган сервисти сунуштап гана тим болбостон, Кыргызстандагы мобилдик байланыш жана технология жаатындагы лидер катары  өз ээлеген ордун  бекемдөөдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, тармактын камтуу аймагы тууралуу маалыматты MEGA расмий              веб-сайтындагы  Интерактивдүү камтуу картасынын жардамы менен онлайн түрдө алууга болот. Демек, жакын жерде жайгашкан базалык станциялардын сигналынын деңгээли, ошондой эле өлкө  боюнча  2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G байланышы  жөнүндө маалымат ар дайым жеткиликтүү.

Мындан тышкары, MEGA абоненттери  Байланыш борборунунун *500 номерине чалып, +996 999 500 000 WhatsApp номери  же Telegram аркылуу байланышып, байланыш менен камсыздоого муктаж болгон калктуу конуштар боюнча кайрыла алат.

MEGA – ӨЗҮБҮЗДҮН  байланышты танда!

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы