Перейти на новый сайт
eSIM MEGA24 мобилдик колдонмосунда АКЫСЫЗ

Эми кыргызстандыктар MEGA мамлекеттик уюлдук операторунун ыңгайлуу MEGA24 мобилдик колдонмосу аркылуу түздөн-түз eSIM-картасын сатып алуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

eSIM деген эмне?
eSIM (embedded SIM) – бул мобилдик байланышты физикалык SIM картасыз колдонууга мүмкүндүк берген алдыңкы технология. Аны өзүнчө же кадимки SIM-карта менен бирге ар башка тарифтик эки номерди туташтыруу үчүн колдонсо болот.

eSIMдин артыкчылыктары:
- Тез активдештирүү: Биздин MEGA24 колдонмосунда eSIM алуу процесси бир нече мүнөттү талап кылат.
- Коргоо: eSIM-картаңыз түзмөктүн деңгээлинде корголгон, бул сиздин маалыматтарыңыздын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылат.

MEGA24 тиркемесинде eSIM кантип алса болот?
1. MEGA24 жаңыртыңыз же аны App Store же Google Play'ден жүктөп алыңыз.
2. Авторизациялоо барагында “eSIM үчүн арыз берүү” бөлүмүнө өтүңүз.
3. Номерди жана тарифтик планды тандаңыз.
4. Персоналдаштыруу процессинен өтүңүз.
5. Тандалган тарифтик пландын абоненттик төлөмүнө барабар суммага балансыңызды толуктаңыз.
6. «Альфа Телеком» ЖАКтын байланыш кызматтарын көрсөтүү келишимин жана түзмөккө eSIM орнотуу боюнча нускама менен QR кодун электрондук почта аркылуу алыңыз.

Маанилүү! Абоненттерге MEGA24 ичинде eSIM алуу үчүн күнүнө 3 жолу аракет кылынат.

eSIM технологиясы тейлөөнүн сапатын бир топ жакшыртат жана тейлөө процессин тездетет. eSIM алуу үчүн, сизде eSIM технологиясын, анын ичинде төмөнкү түзмөк үлгүлөрүн  колдогон телефондун, сааттын же планшеттин  болушу гана жетиштүү:

  • iPhone XS, XS MAX, XR, 11, 11 Pro, 11 Pro Max, 12, 12 mini, 12 Pro, 12 Pro Max, iPhone 13, iPhone 13 mini, iPhone 13 Pro, iPhone 13 Pro Max, iPhone 14, iPhone 14 Max, iPhone 14 Pro, iPhone 14 Pro Max, iPhone 15, iPhone 15 Pro, iPhone 15 Pro Max;
  • Samsung Galaxy S20 Ultra 5G, Samsung Galaxy S20+ 5G, Samsung Galaxy S20 5G, Samsung Galaxy S20+, Samsung Galaxy S20, Samsung Galaxy Z Flip, Samsung Galaxy Fold;
  •  Google Pixel смартфондору;
  • eSIM колдоосу бар планшеттер;
  • eSIM колдоосу бар акылдуу сааттар.

Инновациялык eSIM технологиясын активдештирүү Кыргызстандын бардык MEGA абоненттери үчүн жеткиликтүү.

MEGA - БИЗДИН байланышты колдонуңуз!

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы