Перейти на новый сайт

MEGA менен Францияда байланышта болуңуз!

Эгер сиз Париждеги Жайкы Олимпиада оюндарында биздин спортчуларды жеке колдоону чечсеңиз, анда бизде сиз үчүн сонун жаңылык бар!

MEGA мамлекеттик уюлдук оператору ыңгайлуу жана жагымдуу роуминг тарифтерин сунуштоо менен өз абоненттеринин ыңгайлуулугуна кам көрөт.

MEGAдан роумингге туташуу менен, абоненттер үй-бүлөсү жана достору менен ар дайым байланышта болуп, Париждеги  өзгөчө учурларды, сынактардагы сүрөттөр менен видеолорду бөлүшө алышат.

Кызмат алдын ала төлөнүүчү тейлөө формасында тейленген бардык абоненттерде баштапкы абалында акысыз кошулат. Баланстагы сумманын 1 сомдон кем эмес болгондугу жетиштүү.

 «Роуминг» кызматы боюнча абоненттерге төмөнкү кызматтар жеткиликтүү:

  • чыгуучу/кирүүчү үн чалуулар
  • жогорку ылдамдыктагы интернет
  • SMS жөнөтүү/кабыл алуу
  • балансты толуктоо жана сарпталган каражаттарды реалдуу убакытта көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү.

MEGA абоненттерине ыңгайлуу болушу үчүн, MEGA24 колдонмосунда роумингге кошулуу жана роуминг кызматтары тууралуу маалыматты көрүү мүмкүнчүлүгү каралган. Экранды бир нече жолу гана басуу менен,  Кыргызстандын аймагынан  тышкары жерлерде да роумингди иштете аласыз.

Болгону төмөндөгү иш-аракеттерди аткаруу жетиштүү:

  • MEGA24 колдонмосун ачуу (App Store жана  Google Play'де жүктөп алуу жеткиликтүү);
  • башкы беттеги «Кызматтар» бөлүмүнө кирүү;
  • «Жеткиликтүү кызматтар» бөлүмүнө  – «Роуминг» бөлүмчөсүнө кирүү;
  • өзүнө ыңгайлуу болгон топтомду же кызматты тандап, «Кошуу» баскычын басуу керек.

Ошондой эле  « Онлайн Роуминг »  интернет-топтомдорун кошуп, Россия, Казакстан, Түркия, Кытай, АКШ, Италия, Франция, Азербайжан, Армения, Вьетнам, Греция, Испания, Канада, Катар, Сауд Аравиясы жана башка өлкөлөрдүн операторлорунун тармактарында  интернетти ыңгайлуу баада пайдалана аласыз.

 « Онлайн Роуминг » топтомундагы 1 мегабайттын наркы 1 сомдон да аз:

  • 1000 МБ – 900 сом;
  • 2000 МБ – 1500 сом;
  • 5000 МБ – 2500 сом.

Топтомдорду кантип кошуу керек:

  • 1000 МБ  −  *108*1*1000# буйруусун терүү;
  • 2000 Мб −  *108*1*2000# буйруусун терүү;
  • 5000 МБ −  *108*1*5000# буйруусун терүү.

Ал эми  сизге популярдуу мессенжер аркылуу байланышта болуу ыңгайлуу болсо, «Роумингдеги WhatsApp» кызматын кошуп алсаңыз болот. Наркы  жана топтомду кошуп алуунун жолдору тууралуу маалыматты бул жерден окуңуз.

Саякаттаңыз жана жайды ырахаттануу менен өткөрүңүз! MEGA менен бардык жерде байланышта болуңуз.

MEGA – ӨЗҮБҮЗДҮН байланышты танда!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы