Перейти на новый сайт
MEGA Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 4G тармагын жакшыртты

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун техникалык адистери борбор калаабызда  жана Чүй облусунда 4G тармагынын  камтуу аймагын кеңейтүү жана модернизациялоо менен байланыштын сапатын жигердүү жакшыртууну улантууда.

Бул кадамдар абоненттердин жогорку ылдамдыктагы интернетке болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн инфраструктураны модернизациялоо боюнча компаниянын стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.

MEGA адистери тарабынан жүргүзүлүп жаткан техникалык жумуштардын натыйжасында  Бишкек шаарынын  жана Чүй облусунун тургундары туруктуу жана сапаттуу 4G тармагын колдонуу  мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.  Бул − онлайн билим алуу, үйдөн иштөө жана дүйнөлүк желеде каалашыңча "саякат жасоо" үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр.

Натыйжада Бишкек, Токмок, Кара-Балта жана Шопоков шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун Васильевка, Жаңы-Жол, Ивановка, Новопокровка, Ивановка, Шалта, Романовка, Сокулук, Ленин атындагы, Кара-Ой, Ленин-Жол, Талды-Булак, Беш-Терек, Кара-Жыгач, Ойронду, Гидростроитель, Юрьевка, Калмак-Ашуу, Төрт-Көл, Виноградное жана Беловодское айылдарында 4G  сигналы жакшыртылды.

Бишкек жана Шопоков шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун Жаңы-Жол, Шалта, Романовка, Сокулук, Ойронду, Беш-Терек, Лесное, Манас, Учкун, Кара-Жыгач, Ойронду жана Гидростроитель калктуу пункттарында 3G камтуу сигналы да жакшыртылды.

Байланыш сапатын мыктылоо борбор калаанын жана облустун көптөгөн райондорунун тургандарына ыңгайлуулуктарды тартуулап, алар өз бааларын беришти.

«Эми мен шаардын каалаган жеринде иштей алам. Интернет менен көйгөй жаралбайт. Демек, жумушумду да өз убагында бүтурө алам. Бул чындап менин жашоомду жеңилдетти», − деп колдонуучулардын бири Айбек Касымов өз тажрыйбасы менен бөлүшө кетти.

« Интернеттин акысыз таратылышы MEGAны тандоого таасир эткен чечүүчү фактор болду көрүнөт. Ойлоп көрсөм, өзүм үчүн төлөгөн интернетимди бөлүшүп  жатам да. Мындан тышкары, ылдамдыктын сакталып калгындагы да мага жагат жана бул менин күнүмдүк жашоомдо абдан маанилүү”, −  деп белгилей кетти Бишкек шаарынын тургуну Сезим Мааткабылова.

Тактап айтканда, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда байланыштын жана интернеттин сапатын жогорулатуу аймактын санариптик инфраструктурасын модернизациялоодо маанилүү кадам болуп калды, бул болсо, өз кезегинде, жергиликтүү тургундардын жашоосунун ыңгайлуулугун шарттап,  бизнести өнүктүрүүнүн  натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.

Эскерте кетсек, тармактын камтуу аймагы тууралуу маалыматты MEGA расмий             веб-сайтынан Интерактивдүү камтуу картасынын  жардамы менен онлайн-шарттамда алууга болот. Анын жардамы менен жакын жердеги базалык станциялардын сигналынын деңгээлин көзөмөлдөө, ошондой эле Кыргызстан боюнча 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G камтуусу жөнүндө билүү оңой.

MEGA компаниясынын Байланыш борборунун *500 номерине чалуу, +996 999 500 000 WhatsApp номери  же Telegram аркылуу кайрылып, тармактын камтуу аймагын кенейтүү боюнча сунуштарды  калтырууга болот.

MEGA – ӨЗҮБҮЗДҮН байланышты танда!

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы