Туулган күнүнүн урматына MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору өз абоненттерине күтүүсүз белектерди даярдап, аларга кубаныч тартуулоодо.
Компания MegaPay мобилдик тиркемесинин колдонуучулары үчүн акция жарыялайт, тактап айтканда, 27-28-апрель күндөрү Бишкектеги муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда TulparQR-кодун сканерлөөдө, жол жүрүү толугу менен АКЫСЫЗ болот.
Бул уникалдуу сунушту колдонуу оңой:
- MegaPay тиркемесин жүктөп алуу же жаңылоо (App Store жана Google Play'ден жүктөп алууга болот);
- "Сканер" баскычын тандап, TulparQR-кодун сканерлөө;
- төлөмдү тастыктоо (эсептен акча алынбайт).
Даяр!
Эскерте кетсек, QR- коддору бар чаптамалар муниципалдык транспорттун сыртында да, ичинде да жайгаштырылат.