Перейти на новый сайт
MegaPay аркылуу салыктарды төлөө мурункудан да оңой жана ыңгайлуу болуп калды

Кыргызстандыктарга ыңгайлуу болушу үчүн MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору MegaPay мобилдик тиркемесин өркүндөтүүнү улантууда. Тиркеменин жаңыртылган версиясында МСКнын салыктарын төлөө боюнча жөнөкөйлөтүлгөн сервис жеткиликтүү. Эми салыктарды төлөө мурункудан да оңой жана ыңгайлуу. МСК салыктарын төлөө боюнча жөнөкөйлөтүлгөн сервис жеткиликтүү. Эми салыктарды төлөө дагы да оңой, ыңгайлуу жана ыкчам!

MegaPay аркылуу кайсы салыктарды төлөөгө болот:

  • ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарына салык;
  • ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок транспорт каражаттарына салык;
  • мүлккө, турак жайга, курулмага салык;
  • мүлккө, турак жай эмес имараттарга, курулмага салык;
  • мүлккө, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге салык.

Салыктарды кантип төлөөгө болот:

- MegaPay’ди жаңыртыңыз же жүктөңүз (App Store менен Google Play’де жеткиликтүү);

- «Кызматтар» бөлүмүнө өтүп, «Мүлк салыгын төлөөнү» тандаңыз;

- салыктын түрүн тандаңыз:

  • мүлктүн салыгын тандоодо анын кодун, жылын, ИНН, ЕНИ көрсөтүңүз. Андан кийин - тармактык коэффициент жана салык салынбаган аянтты киргизиңиз;
  • унаанын салыгын тандоодо анын керектүү түрүн, салык мезгилин тандап, унаанын ИННин жана мамлекеттик номерин киргизүү зарыл.

Салыктардын суммасы автоматтык түрдө эсептелет, сиз төлөмдү ырасташыңыз гана керек. Салыктарды кезексиз жана кыжаалатсыз каалаган убакта төлөңүз.

MegaPay — жашооңуздагы алмаштырылгыс жардамчыңыз!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы