MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун MEGA24 мобилдик тиркемеси мурдагыдан да ыңгайлуу болуп калды. Эми компаниянын абоненттери өз эсеби боюнча деталдоону онлайн режимде дароо ала алышат.
Чыгымдарды эсеби ачык-айкын болуп саналат, бул номердин балансындагы каражаттар эмнеге жумшалгандыгын билип турууга шарт түзөт.
Деталдоого эмнелер кирет?
- чалуулардын датасы жана убактысы;
- байланыш телефондорунун номерлери;
- чалуулардын узактыгы;
- жөнөтүлгөн SMSтердин саны;
- интернет-сессиялардын көлөмү;
- кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы, анын ичинде роуминг тууралуу маалымат.
Деталдоону кантип алууга болот:
- MEGA24 тиркемесин жаңылоо (App Store же Google Play'ден жүктөп алууга болот);
- “Чыгымдарды көзөмөлдөө” бөлүмүнө өтүңүз;
- “Деталдоо” кошумча баракчасын тандаңыз.
Даяр!
Мындан тышкары, тиркемеде өткөн мезгил боюнча деталдоону электрондук почта (e-mail) аркылуу алууга табыштама калтырууга болот.
MEGA24 – сизге керектүүнүн бардыгы бир тиркемеде!