Перейти на новый сайт

MEGA маалымдайт

MEGA уюлдук операторунун 100 % акциялары мамлекеттин башкаруусунда калат. Электрондук аукциондун жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик өнүктүрүү банкы акцияларга ээлик кылат.

«Альфа Телеком» ЖАКтын 100% мамлекеттик үлүшүн сатуу компаниянын ишмердүүлүгүнө жана абоненттерибизге көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына эч кандай таасир тийгизбейт.

MEGA′ны сатуу компаниянын технологиялык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизе турган  инвестициялардын  киришине өбөлгө түзөт. Компания динамикалык өнүгүү багытында  өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, байланыштын сапатын жакшыртууга басым жасай берет. Биз коммуникация инфраструктурасын өнүктүрөбүз жана Кыргызстандын жетүү кыйынчылык жараткан, алыскы аймактарын түйүн менен камтууну, тармактын каптоо аймагын кеңейтүүнү уланта беребиз. Мобилдик оператор тарабынан Fintech чөйрөсүнө өзгөчө көңүл бурула бермекчи.

Биз Кыргызстандагы алдыңкы жогорку технологиялуу уюлдук оператор болууга умтула беребиз. Демек, биздин максаттарыбыз өзгөргөн жок.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы