MEGA компаниясынын MegaPay мобилдик тиркемеси эволюциясын улантууда. Эми тиркеменин колдонуучуларына Кыргызстандын он банкынын карталарын жана карта эсептерин оңой жана тез толуктоо мүмкүнчүлүгү тартууланат.
Кызмат үчүн комиссия 0 сомду түзөт! Колдонуучулар экранды бир нече жолу гана басуу менен, өз смартфонунда 24/7 бою каржылык транзакцияларды жүргүзө алышат.
MegaPay аркылуу төмөндөгү банктардын карталарын жана карта эсептерин КОМИССИЯСЫЗ толуктоого болот:
- «Халык банк» ААК;
- «Айыл Банк» ААК;
- «Бакай Банк» ААК;
- «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААК (MBANK);
- «РСК Банк» ААК;
- «Бай-Tүшүм» Банкы ААК;
- «ФинансКредит Банк» ААК;
- «Кыргыз-Швейцария Банкы» ЖАК;
- «Компаньон Банкы» ААК 31.12.2023-ж. чейин;
- «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» (KICB) 31.12.2023-ж. чейин.
Төлөм жүргүзүү үчүн төмөндөгү аракеттерди аткаруу зарыл:
- Google Play же App Store′до MegaPay тиркемесин жүктөп алуу же жаңылоо;
- негизги менюда «Которуулар» кошумча барагына — «КР картасына» өтүү, реквизиттерди терүү, банктардын ачылуучу тизмесинен каалаганын тандап, телефон номери, карта же эсеп боюнча которууну аткарыңыз;
же
- «Төлөм» бөлүмүнө кирип, «Банк кызматтары» бөлүмчөсүнө өтүңүз;
- тизмеден каалаган банкты тандап, картанын же карта эсебинин номерин киргизип, керектүү сумманы көрсөтүп, транзакцияны тастыктаңыз.
Даяр!
Каражаттар тез аранын ичинде которулат, ал эми транзакциялар боюнча дүмүрчөктөр «Төлөм тарыхында» сакталат.
MegaPay — жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!