Перейти на новый сайт

MegaPay'деги ыңгайлуу QR-төлөм: абоненттер жана бизнес үчүн кандай артыкчылыктар каралган?

MegaPay'деги ыңгайлуу QR-төлөм: абоненттер жана бизнес үчүн кандай артыкчылыктар каралган?

MegaPay төлөм системасы накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмдөрүн арттыруу үчүн жаңы технологияларды киргизүү менен, колдонуучулар үчүн жеткиликтүү инновациялык кызматтардын тизмесин көбөйтүүгө басым жасап келет.

Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын жана Банктар аралык процесстик борборунун активдүү көмөгү менен MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору MegaPay төлөм системасынын QR-коддорун КРдин мыйзамдарынын талаптарына шайкеш бирдиктүү стандартка келтирүү жумуштарын соңуна чыгарды.

Улуттук стандарт боюнча QR-коддорду колдонуу менен төлөм жүргүзүүнү жайылтуу долбоору КРдин Министрлер кабинетинин жана Улуттук банкынын токтомуна ылайык, төлөм жүргүзүүлөрдө жана акча которууларда QR-кодду пайдалангандар үчүн бирдиктүү төлөм аянтчасын түзүү жана төлөм системасын интеграциялоо максатында ишке ашырылды.

Унификацияланган QR-коддорду киргизилиши менен, миллиондогон кыргызстандыктар кафе, дүкөн жана башка жайларда кызмат көрсөтүүлөр жана товарлар үчүн MegaPay жана өлкөдөгү башка төлөм системалары аркылуу контактсыз төлөм аткаруунун бардык артыкчыларына жана ыңгайлуулугуна баа бере алат.

MegaPay'де QR-коддун жардамы менен кантип төлөм жүргүзүүгө болот? Бул үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

  • Google Play же App Store'дон тиркемени жүктөп алуу же жаңылоо;
  • «QR-төлөм» бөлүмүн тандоо;
  • QR-кодду сканерлөө;
  • төлөмдүн суммасын жазуу жана аны тастыктоо.

QR-код боюнча контактсыз төлөм жүргүзүү саналуу гана секундаларда ишке ашат, мындай процесс колдонууга абдан жөнөкөй, коопсуз, ыңгайлуу жана түшүнүктүү. Эми MegaPay'дин колдонуучулары үчүн капчыкта накталай акча бар же жок деп тынчсыздануунун жана кайрып бере турган ашыкча акчаны күтүүнүн кажети жок.

Бизнес үчүн QR-код боюнча төлөмдөрдү кабыл алуунун кандай артыкчылыктары бар?

MegaPay менен өнөктөш болуу менен, ишкерлер төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат:

  • тез, ишенимдүү жана ыңгайлуу төлөм сервиси;
  • кардарларды жогорку ылдамдыкта тейлөө;
  • бизнес жүргүзүү үчүн альтернативдүү санариптик шайман;
  • 24/7 режиминде төлөм каражаттарын кабыл алууга жетки;
  • Кардарлар үчүн накталай эмес жана контактсыз төлөм жүргүзүүнүн жаңы каналы;
  • аудиториянын кеңейиши.

MegaPay өнөктөш болууну каалайсызбы?

Абдан оңой! Шилтеме аркылуу өтүп MEGA компаниясынын расмий сайтында табыштама калтыруу же megapay@megacom.kg e-mail дарегине «Келишим түзүү үчүн табыштама» деген жазуу менен электрондук кат жөнөтүү жетиштүү, +996990800800 номери аркылуу кайрылууга да болот.

MegaPay − жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы